Коронавирустан эки адам каза болуп, 31 жаңы учур катталды

Республикалык штабдын 26-февралга карата маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 менен ооруп жаткан эки адам каза болду, жуктуруунун 31 жаңы учуру катталды.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары —15;
  • Чүй облусунда — 11;
  • Ош облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусунда — 2.

Ошондой эле республика боюнча 122 адам оорудан айыгып чыкты. Учурда ооруканаларда 192 бейтап, үй шартында 818 адам дарыланып жатат.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 200 458ге жетти. Ал эми оорудан 194 918 киши айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 954 киши көз жумду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.