Садыр Жапаров менен Владимир Путин Украинадагы кырдаал боюнча пикир алышты

Эки өлкөнүн президенти. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Садыр Жапаров 26-февралда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Садыр Жапаров менен Владимир Путин эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты», — деп айтылат президенттин расмий сайтында.

Аны менен катар, эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибинде турган актуалдуу маселерди талкуулашты деп белгиленди.

Ал арада орусиялык «РИА Новости» басылмасы Кремлдин басма сөз кызматына таянып, Кыргызстандын президенти орус аскерлеринин Донбасстын жай тургундарын коргоого багытталган аракеттерин колдой турганын билдирди деп жазды.

«Садыр Жапаров Киевдин Минск келишимине карата жоопкерчилигин белгилеп, Донбасстагы жайкын тургундарды коргоого багытталган Орусиянын чечкиндүү аракеттерин колдорун билдирди», — деп айтылат анда.

Украинада эмне болуп жатат?

Орусиянын президенти 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган.

Украиналык басылмалар Харьков, Мариуполь, Краматорск, ал тургай Киев шаарында дагы жардыруулар болуп жатканын жазышкан. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын армиясынын аскердик инфраструктураларын иштен чыгарып жатышканын билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бүткүл аймагына аскердик режим киргизген. Орусиянын аракеттерин алдыңкы дүйнөлүк державалар кескин сынга алышкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулунан 137 украиналык каза болуп, дагы 316 киши жарадар болгонун билдирген.

Орусия тарап канча киши каза болгону тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек, бирок Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр Орусия Украинада «800дөй аскер кызматкеринен» ажырады деп билдирген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Орусиянын Украинага кол салуусу: 24-февралдын түнүнө карата расмий маалымат

ТИМ: Элчилик Украинадагы кыргызстандыктар менен тыгыз иш алып барууда