Түркияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште Медет кызы алтын, Жуманазарова күмүш байгеге ээ болду

Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык күрөш турниринде кыргызстандык балбан кыздар алтын жана күмүш медалды багындырды. Бул тууралуу Кыргыз күрөш федерациясы билдирди.

Мелдеште Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта күч сынашып алтын медалдын ээси болду. Ал финалдык беттеште австриялык спортчу Мартина Куэнцти 6:4 эсебинде жеңди.

Айпери Медет кызы

Ал алгачкы беттеште орус спортчусу Кристина Шумова менен күрөшүп, аны 10:0 эсебинде жеңип, кийинки беттешке өткөн. Анда орусиянын дагы бир балбаны Екатерина Букинаны 5:3 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн. Жарым финалда Германиядан келген спортчу Фрэнси Редельтини 6:1 эсебинде утуп, финалга чыккан болчу.

Ал эми, 68 килограмм салмакка чейин күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште нигериялык балбан Блессинг Оборудуду менен беттешип, 3:0 эсебинде утулуп, күмүш тагынды.

Мээрим Жуманазарова

Жуманазарова биринчи беттеште орусиялык спортчу Татьяна Смолякты утуп, жарым финалга өткөн. Жарым финалда орусиянын дагы бир спортчусу Ханум Велиеваны утуп, финалга өткөн болчу.

Ал финалда беттешкен нигериялык балбан менен Токио Олимпиадасында дагы кез келип, Жуманазарова чейрек финалда утулуп калган.

Түркиянын Стамбул шаарында Yasar Dogu, Vehbi Emre Hamit Kaplan эл аралык турнири 24-февралында башталган, эми 27-февралда аяктайт.