Украинадагы кыргызстандыктар Польша жана Венгрияга эвакуацияланып жатат

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Украинадагы кыргыз жарандары өлкөдөн Польшага чыгып кете аларын билдирди. Эвакуациялоонун кошумча маршруту иштелип чыкты.

«Польшага кирүүнү каалаган Кыргызстандын жарандары ким экенин тастыктаган ишенимдүү документтери — паспорт, ID же сүрөт тиркелген расмий документ — менен иштеп жаткан сегиз чек ара өтмөгүнө келиши керек», — деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

Ведомство Украинадан чыгыа кетүүнү каалагандардын агымы көбөйгөндүктөн өзүнчө коридор болбой турганын кошумчалады. Шенген визасы жок кыргызстандыктар Польшада 15 күн жүрө алат.

Польшадагы иштеп жаткан көзөмөл-өткөрмө пункттарынын тизмеси:

1. Budomierz-Hruszow

2. Dolnobyczow-Uhrynow

3. Dorohusk-Jagodzin

4. Hrebeme-Rawa Ruska

5. Korczowa-Krakowiec

6. Kroscienko-Smolnica

7. Medyka-Szeginie

8. Zosin-Uscilug

ТИМден кыргызстандыктардан тез арада паспорттогу жеке маалыматтарын элчиликтин консулу Эрмек Каныбековдун дарегине жиберүүнү өтүнүштү. Андан соң маалыматтар Польшанын ТИМне жөнөтүлөт. Эвакуациялоо тизмесине кириш үчүн Украинадагы Кыргызстандын элчилигинин консулуна кайрылуу керек +380997573413, +380442370347.

Андан тышкары, Украинадагы кыргызстандыктар Будапешт — Стамбул — Бишкек багытындагы авиабилети бар болсо Венгрияга чыгып кете алат.

«Кыргызстандыктар өз каражытынын эсебинен “Чоп” көзөмөл-өткөрмө пунктуна жеткирилет. Андан соң Венгриянын аймагында аэропортко чейин Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги коштоп барат. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн кыргызстандыктар алдын-ала Венгриянын аймагы аркылуу транзиттик жол жүрүп Кыргызстанга учуп кете турганын тастыктаган авиабилет сатып алышы керек», — деп баса белгиледи ТИМ.

Ошондой эле 25-февралда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандагы Германиянын жана Франциянын элчилери менен жолукту. Ал европалык кесиптештеринен Кыргызстандын жарандары үчүн Украинага коңшулаш Европа өлкөлөрү аркылуу «жашыл коридор» түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранган.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кыргызстандыктарды Румыния аркылуу эвакуациялоо планын иштеп чыккан. Бухаресттен кетүү үчүн Черновцы шаарындагы Румыниянын Башкы консулдугунан транзиттик виза же eviza.mae.ro шилтемеси боюнча электрондук визага алыш керек. Ошондой эле кыргызстандыктар жанына ПЧР-тест же эмдөө сертификатын ала жүрүш керек.

24-февралга караган түнү орус аскерлери Украинага чабуул койгон. Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулунун биринчи күнү 137 украиналык каза болуп, дагы 316 киши жарадар болгонун билдирген. Орусия тарап канча киши каза болгону тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек, бирок Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр Орусия Украинада «800дөй аскер кызматкеринен» ажырады деп билдирген.