Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болду, 20 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 27-февралга карата коронавирустан эки адам каза болду, жуктуруунун 20 жаңы учуру катталды.

Бишкек шаарында тогуз, Чүй облусунда сегиз жана Ысык-Көл облусунда үч адам оору жуктуруп алды. Калган облустарда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 478ге жетти. Өлкө боюнча 195 056 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 950 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 138 бейтап айыгып чыкты. Учурда 191 бейтап ооруканада, ал эми 6 99 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.