Президенттин басма сөз катчысы Украина боюнча: Кырдаалдын жөнгө салынышын кубаттайбыз

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Орусиянын Украинага бастырып кириши боюнча Кыргызстандын позициясын айтты.

«Биз түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну кубаттайбыз, анын ичинде мындан аркы жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөр жолу менен да», — деди Эрбол Султанбаев.

Буга чейин Владимир Путиндин администрациясы орус ЖМКларына Кыргызстандын президенти телефон аркылуу сүйлөшүүдө Орусиянын позициясын колдой турганын айтты деп маалымат тараткан эле.

«Садыр Жапаров Киевдин Минск келишимине карата жоопкерчилигин белгилеп, Донбасстагы жай тургундарды коргоого багытталган Орусиянын чечкиндүү аракеттерин колдорун билдирди», — деп жазган Кремлдын басма сөз кызматы.

Бирок Садыр Жапаровдун администрациясы орус аскерлеринин Украинадагы аракеттерин колдой турганын билдирген эмес болчу.

«Өлкө лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров менен Владимир Путин ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты», — деп жазылат кыргыз президентинин администрациясынын сайтында.

Орусия 24-февралга караган түнү Украинага кол салган. Орусиянын президенти Владимир Путин муну аскердик операция деп атаган, анын айтымында операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган [Донбасстагы] адамдарды коргоо». Украина бийлиги Орусия бастырып кирүү менен иш жүзүндө согуш ачты деп билдирген.

Росскомнадзор орусиялык ЖМКларга Орусиянын Украинага бастырып киришин баяндоодо «согуш» сөзүн пайдаланууга тыюу салды. Ошондой эле мекеме «Новая газета», «Дождь», «Эхо Москвы» жана «Медиазона» басылмаларынан орус бийлигинин расмий маалыматына таянбай жазылган материалдарды өчүрүүнү талап кылууда.

Украинанын саламаттык сактоо министрлиги Орусия бастырып кирген күндөн бери 198 киши каза болгонун, анын ичинде 3 бала бар экенин кабарлаган. Дагы 1115 киши жабыркаган, алардын 33ү балдар.