Ош мэриясынын имаратында белгисиз киши «НурТВ» телеканалынын операторун бетке муштады

Жабырлануучу Тимурлан Эрнис уулу. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

Ош шаарындагы «НурТВ» телеканалынын оператору Тимурлан Эрнис уулуна 28-февралда мэриянын имаратында белгисиз киши кол салды. Ал оозунан жаракат алып ооруканага кайрылды. Учурда милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Эрнис уулу «Клоопко» билдиргендей, ал телеканалдын журналисти менен вице-мэр Жасур Азимовдон интервью алуу үчүн мэрияга барган. Кезекте турган эки кишиден бир мүнөткө кирип чыгууну суранышканда, алар макул болушкан эмес.

Мындан улам оператор менен журналист өз кезегин күтүп турган. Эрнис уулу ошол учурда кишилердин бири аларга сөгүнүп, агрессивдүү мамиле жасаганын айтат.

«Мен “макул кезек менен эле киребиз анда” десем сөгүнө баштады. Мен сылык түрдө “сөгүнбөй эле сүйлөңүз байке, биз түшүнөбүз, кирип чыга бериңиздер” десем эле чаап салды», — деди ал.

Оператор кишилерди тааныбай турганын айтып, бирок буга чейин кайсыл-бир жерден көргөнүн белгиледи. Ал аны урган киши «Ихлас» курулуш компаниясынын «кызматкери» деген божомол бар экенин айтты.

Эрнис уулунун сабалышына күбө болгон кесиптеши, журналист Ырысбай Мажит уулу операторду урган киши «вице-мэр Жасур Азимов жылдыз болуп кеткенби? Баарыңар эле интервью алганы келдиңер» деп аларга тийишкенин айтты. Ошол учурда башка журналисттер вице-мэрден интервью алып жатат эле дейт.

«Мен андан “байке журналисттер менен чогуу мен да интервью алып алайын” деп сурангам. Ал “журналисттер өзүңөрдү элден өзгөчө сезесиңерби? бизден кийин киресиңер” деди. Анан алар бөлмөгө кирип кетип жатып сөгүндү. Операторум ага жооп кайтарганда капыстан келип оозуна уруп жиберди», — деди ал.

Ал эмне үчүн операторго кол көтөргөнүн сураганда, белгисиз киши «керек болсо аны да ураарын» айтып коркутканын белгиледи. Мажит уулу кол салган киши парламенттин депутаты Айбек Осмоновдун «жээни» деген маалымат бар экенин кошумчалады.

Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургу Асылбек Мамаражапов «Клоопко» жабырлануучунун оозу ичинен жырылып кеткендиктен тигилгенин белгилеп, учурда анын абалы канааттандырарлык экенин айтты.

Милиция териштирүүнү баштады

Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин ыкчам тобу барган. Фейсбукта тараган тасмада кол салган киши милиционерге баш ийбей унаасын айдап кетип калганын көрүүгө болот.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов «Клоопко» аталган факты катталып, учурда териштирүү жүрүп жатканын айтты. Ал эми операторго кол салуу иши кандай берене менен катталары тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат дейт.

Ал эми Ош мэриясынан «Клоопко» кол салууга мэриянын кызматкерлеринин тиешеси жоктугун айтышып, алар мыйзамдалууктун сакталышын кубатташаарын белгилешти. Ошондой эле вице-мэр Жасур Азимов «операторго кол салган кишини тааныбайт» деп билдиришти.

Макала жарык көрөөр алдында «Ихлас» курулуш компаниясынан жана депутат Айбек Осмоновдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок.