Ошто активисттер согушка каршы жана Украинаны колдоо акциясын өткөрүштү

Ош, Орусиянын башкы консулдугун алдында өткөн акция. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу/Kloop

Ошто активисттер 25-февралда Орусиянын консулдугун алдына согушка каршы жана Украинаны колдоо акциясына чыгышты. Акцияга катышкан 10 чакты киши кан төгүүнү токтотууну талап кылышты.

Акцияга катышкандар колдоруна «Согушка жол жок», «Биз бүткүл дүйнөдө тынчтыкты каалайбыз», «Украинага тынчтык», «Алдоону жана өлтүрүүнү» токтоткула деген транспаранттарды кармап турушту.

Катышуучулардын бири иш-чарага Украинанын, Орусиянын, дегеле дүйнө элинин тынч жарандарын колдоп келгенин билдирди.

Ал эми дагы бир катышуучу Айжан Токтошева Орусиянын Украинага ачкан согушу бүткүл Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга «таасирин тийгизет» деп эскертти.

«Эл аралык коомчулук Орусияга каршы санкцияларды киргизип жатат. Ошол санкциялар түздөн-түз Кыргызстан элине да таасири тиет. Анткени биздин миллиондогон мекендештер Орусияда эмгектенет», — деди ал.

Ал эми дагы бир активист Майрамбек Таалайбек уулу болуп жаткан окуялар тууралуу толук маалымат жетпегендиктен кээ бир жарандарда тушүнбөстүк болуп жатат деп божомолдоду. Ал согуш дүйнөлүк катастрофаларга алып келеринен кооптонуп, дүйнө элин тычтыкка чакырды.

Активисттер бир ооздон тынчтык керек экенин айтышып, согушту токтотууну талап кылышты.

Украинада эмне болуп жатат?

Орусиянын президенти 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган.

Украиналык басылмалар Харьков, Мариуполь, Краматорск, ал тургай Киев шаарында дагы жардыруулар болуп жатканын жазышкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын армиясынын аскердик инфраструктураларын иштен чыгарып жатышканын билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бүткүл аймагына аскердик режим киргизген. Орусиянын аракеттерин алдыңкы дүйнөлүк державалар кескин сынга алышкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулунан 137 украиналык каза болуп, дагы 316 киши жарадар болгонун кабарлаган.

Орусия тарап канча киши каза болгону тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек, бирок Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр Орусия Украинада «800дөй аскер кызматкеринен» ажырады деп билдирген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

ТИМ: Украинадан чыгып кетүүнү каалаган 300 кыргызстандык элчиликке кайрылды

Орусиянын Украинага кол салуусу: 24-февралдын түнүнө карата расмий маалымат

ТИМ: Элчилик Украинадагы кыргызстандыктар менен тыгыз иш алып барууда