Таласта зордукталганы айтылган 13 жашар кыз көз жарды. Ымыркай айына жетпей төрөлүп чарчап калды

Талас облусунун Кара-Буура районунда өгөй атасы тарабынан зордукталганы айтылган 13 жаштагы кыз көз жарып, бирок ымыркай бир суткадан кийин чарчап калды.

«Бала айына жетпей төрөлгөндүктөн, бир күндөн кийин чарчап калды [...] Кызды бүгүн-эртең ооруканадан чыгарабыз, анын абалы канааттандыраарлык», — деди Талас облустук ооруканасынын башкы дарыгери Нурдин Усупбеков 24.kg басылмасына.

18-февралда Кара-Буура райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Көк-Сай айылынын 45 жаштагы тургунун «зордуктоого» шектеп кармаган. Милициянын маалыматына караганда, 8-февралда милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, азыркы жолдошу анын биринчи күйөөсүнөн төрөгөн жашы жете элек кызын зордуктап жүргөнүн айткан.

Аталган факты боюнча «Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми шектүү камакка алынган.

2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 10 миңден ашуун учуру катталган — көбүнесе зомбулукка аялдар кабылган. Өткөн жылы 9 038 адамга коргоо ордени берилген. Анын ичинен ордендин 8 миң 463ү аялдарга, 311и эркектерге, 264 жашы жете элек өспүрүмдөргө ыйгарылган.

*Коргоо ордери — үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга мамлекеттик коргоо берүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата ушул «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» жөнүндө мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ.

ТЕМА БОЮНЧА:

Таласта 13 жаштагы кызды өгөй атасы зордуктап жүргөнү кабарланды