Таласта 13 жаштагы кызды өгөй атасы зордуктап жүргөнү кабарланды

Талас облусунун Кара-Буура районунда 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, анын өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Талас ОИИБдин басма сөз катчысы Динара Сарногоева кабарлады.

Сарногоеванын айтымында, 8-февралда Кара-Буура райондук милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, анын биринчи жолдошунан төрөгөн жашы жете элек кызын азыркы күйөсү зордуктап жүргөнүн айткан.

Сарногоева зордуктоонун кесепетинен жашы жете элек кыздын 26 жумалык боюнда болуп калганын белгиледи.

Милиция бул факты боюнча «Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен иш козгоп, тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 45 жаштагы Көк-Сай айылынын тугунун кармады.

Сарногоева шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин айтты. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүп жатат.

2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда зордук-зомбулуктун кеминде 7,6 миң учуру катталган — көбүнесе ага аялдар кабылат. Жаш балдардын да зордук-зомбулукка кабылган учурлар аз эмес — 2021-жылы ИИМ кеминде 326 фактыны каттаган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Түптө 8-класстын окуучусу кош бойлуу болуп калды, милиция териштирүүнү баштады

Таласта 16 жаштагы кыз көз жарды