Украинадагы азыркы абал грециялык фотограф Арис Мессинистин көзү менен

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияны баштаганын жарыялаган. Алты күндөн бери орус аскерлери Украинанын бардык аймактарын оор аскердик техника менен аткылап жатат.

27-февралда Украинанын Ички иштер министрлиги орус аскерлери бастырып киргенден бери 352 киши каза болгонун, алардын 14ү жаш балдар экенин кабарлаган. Жалпы 1684 адам жабыркаган.

Украинадагы азыркы абал грециялык фотограф Арис Мессинистин көзү менен.

24-февраль, Украинанын чыгышындагы Чугуев шаары. Сүрөт: Арис Мессинис.
24-февраль, Чугуев шаары. Ракеталык аткылоодон кийин. Сүрөт: Арис Мессинис.
24-февраль, Чугуев шаары. Жергиликтүү тургун. Сүрөт: Арис Мессинис.
24-февраль, Чугуев шаары. Тургундар. Сүрөт: Арис Мессинис.
24-февраль, Чугуев шаары. Орус аскерлеринин чабуулунан жарадар болгон тургун.
24-февраль, Чугуев шаары. Өрт өчүрүүчүлөр. Сүрөт: Арис Мессинис.

Мессинис ошол эле күнү Орусиянын куралдуу күчтөү Украинанын чыгышындагы Чугуев жана Харьков шаарларын тик учактар менен жана ракетарлар менен аткылап, басып алууга аракет кылып жатканын жазып, кошумча сүрөттөрдү жарыялаган.

24-февраль, Украина. Сүрөт: Арис Мессинис.
24-февраль. Жарадар болгон жергиликтүү тургун. Сүрөт: Арис Мессинис.
24-февраль. Жергиликтүү тургун. Сүрөт: Арис Мессинис.
24-февраль, Украина. Сүрөт: Арис Мессинис.
24-февраль, Украина. Сүрөт: Арис Мессинис.

26-февралда Украинанын Киев шаарынын мэриясы шаардагы коменданттык саатты киргизген. Мындан тышкары, шаардык бийлик орусиялык күчтөр борборду басып алууга аракет кылып жаткандыктан, тартип бузган шаар тургундары «душман» болуп саналат деп эскерткен.

27-февраль. Украинанын борбору Киев шаары. Сүрөт: Арис Мессинис.
27-февраль. Борборду кайтарган украиналык аскерлер. Сүрөт: Арис Мессинис.

27-февралда Киевдин көчөлөрүн украин күчтөрүнүн мүчөлөрү жана куралчан жөнөкөй жарандар шаарды кайтарууга алышкан.

27-февраль. Борборду кайтарууга алган куралчан аскерлердин бири. Сүрөт: Арис Мессинис.
27-февраль. Шаарды кайтарууга кошулуп, колуна курал алган жөнөкөй жаран. Сүрөт: Арис Мессинис.

Арис Мессинис 27-февралда Киевде баш калкалоочу жай катары пайдаланылып жаткан онкологиялык борбордо жана педиатриялык ооруканасынан тартылган сүрөттөрдү жарыялаган.

28-февраль. Киевдеги баш калкалоочу оорукана. Сүрөт: Арис Мессинис.
28-февраль. Киевдеги оорукананын ичи. Сүрөт: Арис Мессинис.
28-февраль, Киев шаары. Уктап жаткан өспүрүм. Сүрөт: Арис Мессинис.
28-февраль, Киев шаары. Баш калкалоочу жайдагы эне-бала. Сүрөт: Арис Мессинис.
28-февраль, Киев шаары. Баш калкалоочу жайдагы жаш өспүрүм «согушту токтот» деп жазылган баракты көтөрүп турат. Сүрөт: Арис Мессинис.
28-февраль, Киев шаары. Баш калкалоочу жайдагы жаңы төрөлгөн ымыркайлар. Сүрөт: Арис Мессинис.