Москвада кыргызстандык кыз топтошуп зордуктоодон кийин каза болду. Эки кыргыз жараны кармалды

Москвада адамдардын тобу тарабынан кыргызстандык кыз зордукталып каза тапты. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары кабарлашты.

Жергиликтүү тургундар тез жардам кызматына чалып, үйлөрдүн биринин подъездинде алты киши кызды сабап, зордукташканын кабарлашкан.

«Жабыркаган кыз ооруканага эc учун жоготкон абалда алып келинген. Врачтар кыз этанол менен катуу ууланып, мурду сынганын айтышкан. Жабырлануучу 28-февралда реанимацияда көз жумган», — деп айтылат маалыматта.

Зордуктоого шектелип Москвада тааныштарынын үйүндө жашап жүргөн эки кыргызстандык кармалды.

Тема боюнча:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Кыргызстанда аялдарды көбүнчө кимдер зордуктайт? График менен көрсөтүп беребиз