Жалал-Абад: Базар-Коргондо 33 жаштагы киши түтүнгө ууланып каза болду

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылында турак үйдө өрт чыгып, анын кесепетинен 33 жаштагы киши түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу 2-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт чыкканы тууралуу саат 09:25те кабар түшкөн. Жерине өрт өчүрүү кызматынын эки бөлүмү тартылып, саат 09:45те чектөөгө алынган. Ал эми 10:57де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.

13-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үй өрттөнүп, кесепетинен 36 жаштагы киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Маалыматка ылайык, Беш-Күнгөй айылынын Таранчиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 25 чарчы метр аянттагы бөлмөсү өрттөнгөн. Өрт таңкы саат 08:14дө чектөөгө алынып, саат 09:00 толугу менен өчүрүлгөн.

2021-жылы 2 900дөн ашуу өрт кырсыгы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 17%га көп. Кырсыктан 37 киши каза болгон. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Беш-Күнгөйдө турак үй өрттөнүп бир адам каза болду