Парламент Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кылып шайлады

Жогорку Кеңештин депутаттары 2-марттагы жыйында Атыр Абдрахматованы Кыргызстандын акыйкатчысы кылып шайлашты. Абдрахматова ошол эле күнү ант берди.

Атыр Абдрахматова парламентте. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Абдрахматованын талапкерлигин 50 депутат колдоду. Жалпысынан акыйкатчылык кызматка экс-акыйкатчы Турсунбек Акунду кошуп төрт кишинин талапкерлиги каралды.

Атыр Абдрахматова — Борбордук шайлоо комиссиянынын төрагасынын орун басары болгон. Ал 2020-жылдын октябрындагы шайлоодон кийин бийликтин алмашуусуна алып келген митингдерген соң БШКнын мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен кеткен.

Ошол кезде Абдрахматова 2020-жылдын 5-октябрындагы (шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразычылык болгон күнү) окуялар үчүн жоопкерчилик толугу менен БШКнын мүчөлөрүндө экенин билдирген. Анда ал кесиптештерин, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы эч кандай чара көрбөгөнү үчүн сынга алган.

Буга чейинки акыйкатчы Токон Мамытов 2021-жылдын октябрында парламенттик шайлоого катышуу үчүн отставкага кеткен. Абдрахматова өзү да шайлоого катышып, Жети-Өгүз бир мандатуу округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон. Бирок бул округдан Арсланбек Малиев жеңген.