Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды туу күнү менен куттуктады

Бүгүн, 3-мартта мамлекеттик туунун кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында өткөн салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, кыргызстандыктарды туу күнү менен куттуктады.

«Бүгүнкү күндө желегибизди чет жерде желбиретип, мекендештерди дал ушундай кубанычка бөлөйм деген ар тараптуу өнүккөн атуулдарыбыз арбын. Өлкөмдүн бир тармагын өнүктүрүп, чет жерге таанытып, туу көтөрөм деген долбоорлору даяр демилгелүү жаштарыбыз четтен чыгат. Аларга болгону аз гана мамлекеттик колдоо, дем-күч жетишпей турат. Мен дагы өлкөмдүн атын алыска чыгарып, потенциалдуу тармактарын өнүктүрсөм, улутумдун өнүгүшүнө салым кошсом деген жигердүү жаштарды жетем деген максатына жетелөөгө дилгирмин», — деп билдирди өлкө башчысы Жапаров.

Аны менен катар, Президент өз сөзүндө эл аралык коомчулук алдында Кыргызстандын аброюн арттырууга даяр экенин билдирди.

«Мен дагы өнүккөн Кыргызстанды көрүүгө куштармын жана ага бар күч-аракетимди жумшайм. Мен дагы Кыргызстанымдын эл аралык коомчулукта аброюн арттырып, туусун желбиретүүгө даярмын», — деди ал.

Туу күнүнө арналган иш-чарада Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин парады өттү.

Мамлекеттик туу. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Кыргызстандын желеги 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Ал эми туу күнүн белгилөө жөнүндөгү жарлыкка 2009-жылы 10-июнда кол коюлган.

Желектин авторлору — Маматбек Сыдыков, Сабыр Иптаров, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев.

Мамлекеттик туу кызыл түстө, ортосунда нурун тегиз чачкан күн, анын ичинде боз-үйдүн түндүгү чагылдырылган. Айторлордун айтымында, кызыл түс эркиндиктин жана тайманбастыктын, нурун тегиз чачкан күн бейпилдик жана байлыктын ал эми түндүк кут жана биримдиктин символу.