Улуттук банк алтын сатып алган кыргызстандыктар көбөйгөнүн билдирди

Улуттук банк 2022-жылдын башынан бери 93,5 млн сомго 1030 өлчөмдүү алтын куймаларын сатты. Бул туурлауу «Клоопко» Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алтын куймаларынын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда, 894 даанасын Улуттук банк 25-февралда тартып саткан.

«Бүгүнкү күнү өлчөмдүү алтын куймаларына суроо-талап жогору болуп жатат. 894 [өлчөмдүү алтын куймаларын сатуу] […] өткөн жылдын ушул мезгилине салыштыралуу көрсөткүчтөн кыйла жогору — 2021-жылдын 25-февралынан 2-мартка чейин 38 даана гана сатылган болчу», — деп билдирди Улуттук банк.

Башкы банк билдиргендей, 2021-жылы 192,9 млн сомго 2039 өлчөмдүү алтын куймалары сатылган.

Президент Садыр Жапаров 28-февралда кыргызстандыктарга сомдун куну түшүп, чет элдик валюта кымбаттап жаткан шартта алтын сатып алууну сунуштаган. Ал «капиталыңыздарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар» деп кеңеш берген.

Анын эртеси эле 1-мартта Жапаров өз сунушунан кийин «Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйгөнүн» билдирген.

«Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр. Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт», — деген президент.Алтындын баалары. Улуттук банктын сайтынан скриншот.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 3-мартка карата 1 грамм алтындын баасы 7 миң 845 сомду түзөт.

Дагы окуңуз:

Доллар эмне себептен өсүүдө, баалар дагы кымбаттайбы, бийлик чара көрөбү? Түшүндүрүп беребиз