ИИМ: Стамбулда журналистти өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн түрк жараны кармалды

26-февралда Бишкек шаарында журналистти өлтүрүүгө шектелген Түркиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал 2007-жылдын январь айында Түркиянын Стамбул шаарында журналист Грант Динкти атайылап өлтүрүүгө айыпталып издөөдө жүргөн. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топко мүчө болууга жана ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүүгө шектелген.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматына өлкөнүн аймагында түрк жараны жасалма документ менен жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Издөө иштеринин натыйжасында борбор калаадан 38 жаштагы «А.И» аттуу түрк жараны кармалып, анын жанынан «М.И» аттуу түрк жаранына таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылган.

Түрк жаранына карата «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «Документтерди жасалмалоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Стамбул шаарында чыккан «Агос» армян гезитинин башкы редактору Грант Динк 2007-жылдын 19-январында редакциянын кире беришинде өлтүрүлгөн.

Бул окуя чоң резонанс жаратып, стамбулдуктар жана башка шаарлардын миңдеген тургундары «Баарыбыз Динкпиз», «Баарыбыз армянбыз» деген плакаттар менен нааразычылык акцияларына чыгып, аны өлтүргөн кишилерди таап жазалоону талап кылышкан.

Сот беш жылдан кийин гана аяктап, кылмышты жашы жете элек Огун Самаст мойнуна алып, 21 жыл 10 айга эркинен ажыратылган. Журналистти өлтүрүүнү уюштурууга жалпысынан 19 адам катышканы айтылган. 2021-жылдын март айында кылмышка катыштыгы бар делген төрт полициячы өмүр бою абакка кесилген.