Кеминде кар көчкү басып калган аңчынын сөөгү табылды

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы.

Чүйдүн Кемин районундагы Жел-Арык коктусунда кар көчкүнүн алдында калган аңчынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 3-мартта ӨКМге аң уулоого чыккан үч мергенчинин бирөө жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар коктуга болжол менен 3000 метр куб кар көчкү түшкөнүн аныктаган. Издөө иштеринин жүрүшүндө саат 49 жаштагы Б. Р. аттуу тургундун сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Буга чейин 14-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда эки жолу кар көчүп, төрт киши дайынсыз жоголгон. Дагы үч киши түрдүү жаракаттарды алып ооруканага түшкөн.

Кар көчкүнүн кесепетинен «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясынын үч кызматкери — экөө кытай, бирөө кыргыз жараны — жана кар тазалоочу техникалар кар астында калган.

Алар тоннелден Казарманды карай кеткен жолдо тазалоо иштерин жүргүзүп жатышканда кырсыкка кабылышкан. Ошондой эле кардын алдында «НИВА» үлгүсүндөгү унаа, экскаватор жана жүктөөчү техника калган.

Ошол эле күнү саат 17:30 чамасында тоннелдин түштүк тарабында экинчи жолу кар көчүп, пикап унаасын жана вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам жабыркап, бир киши дайынсыз болгону кабарланган.

Көчкү алдында калган кыргызстандык 24 жаштагы Адилет Көккөзовдун сөөгү 24-февралда табылган. Ошол эле күнү 44 жаштагы кытай жаранынын сөөгү табылганы дагы кабарланган.