ТИМ кыргыз мигранттары «Орусияда аскерге чакыртылып жатат» деген маалымат боюнча үн катты

Орусиядагы эмгек мигранттар. Сүрөт: «Такие дела»

Орусияда эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызмат өтөөгө чакырылышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 5-мартта билдирди.

Министрлик мындай билдирүүнү укук коргоочу Валентина Чупик «24.kg» басылмасына «орус бийлиги Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарын аскер кызматына чакырууга аракеттенип жатат» деп курган маегинен кийин жасады.

*Басылма Чупиктин маегин 3-мартта жарыялап, бирок кийин өчүргөн же маалымат сайтта жеткиликтүү эмес. Андыктан биз Чупиктин басылмага курган маегинин скриншотун келтиребиз:

ТИМден кыргызстандыктарды аскердик кызматка чакыруу «Жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына ылайык бир гана Кыргызстандын аймагында жүргүзүлөрүн белгилешти.

«Ошентип, Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын орус органдары тарабынан аскердик жыйындарга, анын ичинде согуштук аймакка чакыртууга мүмкүн эмес», — деп түшүндүрүштү министрликтен.

Ал эми орус жарандыгын алган этникалык кыргыздарды аскердик жыйындарга чакыруу Орусиянын мыйзамдары менен жөнгө салынарын кошумчалашты.

*Орусиянын «Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө» федералдык мыйзамы чет өлкөлүктөргө орус армиясында кызмат өтөөгө уруксат берет. Ал эми Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, эгерде кыргыз жараны чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышса мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

Министрликтин басма сөз кызматы Орусияда аскерге чакыртылган кыргыз мигранттарынан дипломатиялык жана консулдук мекемелерге кайрылуу түшпөгөнүн да билдирди. Ошондой эле тышкы саясий ведомство Орусиянын аймагындагы кыргызстандыктарды кандайды бир суроолор жаралса консулдук мекемелерге кайрылууга чакырды.

Укук коргоочу Валентина Чупик эмне деген?

Валентина Чупик

3-мартта укук коргоочу Валентина Чупик Орусиянын жарандыгын алган же жашап турууга уруксаты бар эмгек мигранттары аскер комиссариаттарына чакыртылып жатканын билдирген. Чупик өз билдирүүсүндө белгисиз кишилер мигранттарга «келишимдик негизде кызмат өтөөгө жазылгыла, болбосо жарандыктан ажыратыласыңар» деген коркутуулар болуп жатканын айткан.

«Мага Тюмень, Москва жана Санкт-Петербургдан орус жарандыгын алган Кыргызстандан келген мигранттар кайрылышты. Аларды военкоматтарга [аскердик] жыйындарга чакырышыптыр — ал жерде белгисиз кишилер алардын контракттык кызматка жазылуусун талап кылышыптыр», — деген Чупик «24.kg» басылмасына.

Чупиктин айтымында, Санкт-Петербургда бир кыргызстандык келишимдик негизде аскер кызматын өтөөгө жазылып, бирок Кыргызстанга кетип калган. Ал эми башкалары аскерден баш тартышкан.

«Мен аларга да Кыргызстанга чыгып кетүүнү сунуштадым», — деген ал.

Украинадагы согуш

24-февраль күнү эртең менен Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинага кол салган. Орус президенти Владимир Путин бастырып кирүүнү «аскерий операция» деп атап, анын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо» деп билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бүткүл аймагына аскердик режим киргизген. Учурда согуш Украинанын түштүгүндө, Харьков, Донбасс жана Киевде уланып жатат.

Бириккен улуттар уюмунун 28-февралдагы маалыматы боюнча, Орусиянын кол салуусунан 102 жай тургун каза болгон. Ошол эле күнү Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги 352 жай тургун каза тапканын, анын 14ү жаш бала экенин билдирген.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 2-мартта согушта 498 орус аскери каза болуп, 1 597 жоокер жарадар болгонун кабарлаган.

Ошондой эле орус бийлиги 2 870 украин жоокери каза таап, 3700 киши жарадар болгонун билдирген. Мындан сырткары, Орусиянын куралдуу күчтөрү 572 украиналык аскерди барымтага алганын маалымдаган.

Анткен менен Украинанын Башкы штабы 4-мартта согушта 9 166 орусиялык аскер каза таап 1,5 миңдей аскерий техника жок кылынганын кабарлаган. Бирок мекеме каза болгон аскерлери тууралуу маалыматты ачыктактаган жок.

Ал эми Бириккен улуттар уюму 2-мартта Орусияга Украинадагы аскерлерин чыгарып, республикага карата күч колдонуу аракетин токтотуу талабы менен резолюция кабыл алган. Резолюцияны 141 мамлекет колдоп, беш өлкө — Орусия, Беларусь, Сирия, Түндүк Корея жана Эритрея каршы добуш беришкен. Ал эми Кыргызстан жана 34 өлкө добуш берүүдөн карманган.