Элнура Алканова добуш сатып алууга шектелген аялдын үстүнөн арыз жазды

Депутаттыкка талапкер болгон Элнура Алканова добуш сатып алууга шектелген Фарида Талипова атуу аялдын үстүнөн арыз жазганын билдирди.

«Менин арызым тууралуу кыскача маалымат: Фарида Талиповага жана ошондой эле Талипованы массалык маалымат каражаттары аркылуу атайылап жалган жалаа жабууга даярдоого катышкандарга чара көрүп, “Кылмыш жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоону суранам», — деди ал.

4-мартта шайлоочуларды сатып алууга шектелип кармалган Фарида Талипова аттуу аял Элнура Алканованын штабы үчүн 450 миң сом алганын билдирген.

Анын айтымында, ал такси кызматында иштейт жана туруктуу кардарлары бар. «Ага белгисиз адамдар чалып, анын кардарынын тааныштарыбыз деп өздөрүн таанышытырып жогоруда айтылган суммадагы акчаны өткөрүп беришкен».

«Алар мага бир нече телефон номур жана 450 миң сом берип, ошолорго акчаны таратып бер дешкен. Мен Алканованын штабы үчүн 450 миң сом алдым деген ишеним кат жазып бергем», — деген Талипова.

Кийинчирээк аны Ички иштер башкармалыгына күбө катары суракка чакырышкан.

«Андан кийин мени Муртазалиевдин пайдасына добуш сатып алууга шектеп жатат деген маалымат пайда болду. Бирок менин ал балага эч кандай тиешем жок экенин дагы бир жолу кайталап кетем», — деген аял.

Талипованын кармалышы

22-февралда милиция Бишкектин Свердлов жана Биринчи май шайлоо округдары боюнча кайра шайлоонун алдында эки аял ири суммадагы акча менен кармалганын кабарлаган.

Милициянын маалыматына ылайк, 7-февралда укук коргоо органдарына белгисиз адамдар «үгүт иштерин жүргүзүп, шайлоочуларга акча сунуштап жатат» деген маалымат келип түшкөн.

Милициядан шектүүлөр Абдурахманхаджи Муртазалиевдин пайдасына үгүттөшкөн деп билдиришкен.

Көп өтпөй Муртазалиев Инстаграмдагы жеке барагында, шектүүлөр анын үгүтчүлөрү эмес экендигин жазган.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи май шайлоо округдарындагы кайра шайлоодо талапкерлер Эльвира Сурабалдиева менен Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңишке жетишти — алар парламенттин жетинчи чакырылышынын депутаттары болушту.

Муртазалиевден азыраак добуш алган талапкер Шайлообек Атазов шайлоодон кийин атааңдашына каршы митингге чыгып, аны добуш сатып алууга айыптаган.