Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустан 10 адам каза болду

Кыргызстанда 28-февралдан 7-мартка чейин коронавирустан 10 адам каза болду. Мындан сырткары, акыркы жумада COVID-19 жуктуруунун 163 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 106;
  • Чүй облусунда — 31;
  • Ысык-Көл облусунда — 13;
  • Жалал-Абад облусунда — 6;
  • Ош облусунда — 4;
  • Ош шаарында — 2;
  • Баткен облусунда — 2;
  • Талас облусунда — 1.

Ал эми 28-февралдан 7-мартка чейин Нарын облусунда COVID-19 илдетин жуктургандар катталган жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 641 адамга жетти. Мындан сырткары, коронавирустан жалпы 2966 киши каза болду.

Ошондой эле, илдеттен 629 бейтап айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны өлкө боюнча 195 миң 685 адамга жетти.

Ал эми 7-мартка карата COVID-19 инфекциясынан 153 бейтап ооруканаларда дарыланып жатса, 260 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.