Сокулукта турак жай катары пайдаланылган вагон өрттөнүп, бир киши каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин басма сөз кызматы 6-мартта Чүй облусунун Сокулук районунда өрттүн кесепетинен бир киши каза болгонун кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, Западное айылынын Октябрь көчөсүндө турак үй өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө №7 ӨКБдан бир бригада тартылып, өрт түнкү саат 23:43тө чектөөгө алынып, саат 01:10до толугу менен өчүрүлгөн.

Натыйжада 24 чарчы метр аянттагы вагон өрттөнүп кеткени аныкталган.

Кырсыктын кесепетинен адам 51 жаштагы киши каза болгон. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берди. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Үсүбүздөгү жылдын 13-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылынын Таранчиев көчөсүндө жайгашкан турак үй өрттөнүп, 36 жаштагы киши каза болгон.

2021-жылы 2 900дөн ашуу өрт кырсыгы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 17%га көп. Кырсыктан 37 киши каза болгон. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар.