Украинадагы согуш: НАТО өлкөнүн аба мейкиндигин жаппайт, Винница аэропорту кыйроого учурады

Украинада 12 суткадан бери орус баскынчылыгы уланууда. «Украинская правда» басылмасы ЕККУ миссиясы Украинадагы ишмердүүлүгүн токтотконун кабарлады. Анткени уюмдун Мариуполдогу кеңсесине аткылоо болгон.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Винница шаарынын аэропорту ракеталык соккулардан улам толугу менен жок кылынганын айтты.

Ал арада Орусияда жарандардын согушка каршы нааразычылык акциялары токтогон жок. 6-марттагы согушка каршы тынчтык акциясында ар кайсы шаарларда 4 миңден ашык адам кармалды. Бул тууралуу ОВД-инфо басылмасы жазды.

Украинанын ИИМи Киев облусунда жай тургундарды коопсуз жайларга көчүрүү уланып жатканын билдирди. Мекемеден, Ирпень шаарындагы жай тургундарды коопсуз жайга көчүрүү учурунда орус аскерлери аларга ок атканын билдиришти.

6-мартта «Настоящее времянын» Украинадагы журналисттери Мариуполь шаарында гуманитардык коридор дагы деле иштебей жатканын, мындан улам тургундар шаардан чыгып кете албай жатканын кабарлашкан.

7-марттын таңында Орусия тынчтык режимин жарыялап, Франциянын президенти Эмануэль Макрондун суранычы менен гуманитардык коридорлордун ачылганын жарыялады.

Президент Владимир Зеленскийдин өтүнүчүнө карабай НАТО Украинанын үстүнөн учууга тыюу салган зона түзүүдөн баш тартты. Германиянын тышкы иштер министри Аннелена Бербоктун айтымында, эгер альянс Украинанын аба мейкиндигин жапса, бул аскердик жаңжалга аралашуу катары саналат.

Эл аралык компаниялар Орусия рыногуна чектөө киргизүүнү улантышууда. Анд Visa жана Mastercard төлөм системалары ишин токтотту. Бул орусиялык колдонуучулар чет өлкөдө мындай карта менен төлөм жүргүзө албайт (анын ичинде башка өлкөлөрдөн онлайн сатып алууга төлөй албайт) дегенди билдирет.

Орусиялыктар үчүн чектөө киргизгенин TikTok социалдык түйүнү да жарыялады. Компания орусиялыктарга жаңы видеолорду жүктөөгө жана түз эфирге чыгууга тыюу салууну чечти.