«Аял жылмайса — аалам жылмаят». Президент аялдарды 8-март майрамы менен куттуктады

Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын айымдарын 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Жапаровдун куттуктоосу президенттин сайтында жарыяланды.

«Табият тартуулаган түгөнгүс мээрим менен көөнөргүс аруулуктун ээси болгон аялзат үй-бүлөнүн түмөн түйшүгүн эле эмес, жер жүзүндөгү бейпилдикти, тынчтыкты бекем кармап турат. Дал ошондуктан эне жүрөгүнө бүтүндөй аалам батат эмеспи. Мына ушундай улуу касиет үчүн биз сиздерге өмүр бою милдеттүүбүз! Эне мээрими — адам баласынын руханий жетилүүсүнө, адам болуп калыптануусуна үрөн себе турган, жашоосунда ишенимдүү таянычы боло турган асыл баалуулук», — деди Жапаров.

Өлкө башчы «аял коомдо өзгөчө орунду ээлегенин» белгилеп, аларды «камкор эне, мээримдүү жар, жоопкер кызматчы, демилгелүү жетекчи» деп сыпаттады.

«Асылзаттын так ушул образы бүтүндөй адамзаттын асыл-наркы болгон эне тилибизди жатыктырып, аны кастарлап-сыйлоого, бабалардан бери келаткан каада-салт, үрп-адаттарды аздектеп алып жүрүүгө, Мекендин чыныгы атуулу кылып тарбиялоого үйрөтөт», — деди ал.

Садыр Жапаровдун айтымында, аялзат кыргыз элинин тарыхында мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошуп келген.

Ошондой эле Жапаров бүгүнкү күндө да «аялзатынын катышуусуз экономикалык жана саясий кайра курууларды ийгиликтүү ишке ашырууну, элибиздин руханий дөөлөттөрүн кайра жаратууну жана өркүндөтүүнү, коомдун адептүүлүгүн бекемдөөнү жана улуттук мүнөздүн өзгөчөлүктөрүн — нарк-насилибизди сактоону элестетүү мүмкүн эмес» деп белгиледи.

«“Аял жылмайса — аалам жылмаят” дегендей, сиздер жан дүйнө сулуулугуңуздар менен ааламды багындырып, ар дайым аруу тилектериңиздер менен жакшылыкка үндөп, албан-албан иштерге шык-дем берип келесиздер», — деп жыйынтыктады өлкө башчы.

Президент аялдарга жана алардын жакындарына чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалады.