Экс-элчи Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Динара Кемелова

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы 7-мартта кабарлады.

Кемелова буга чейин да ТИМ башчысынын орун басары, биринчи орун басары кызматтарын аркалаган. Мындан сырткары, ал Кыргызстандын Кытай жана Жапониядагы элчиликтеринде иштеген.

Бир катар ЖМКлар Кыргызстандын Жапониядагы экс-элчиси Рысбек Молдогазиев Кемелованын күйөөсү экенин жазып чыгышкан. Молдогазиев бул кызматта 2011-2015-жылдары иштеген. Ал эми Молдогазиевдин элчилик кызматка дайындалышы дипломаттардын «этикалык кодексине туура келбегени» айтылган. Анткени ошол учурда Кемелова министрдин орун басары болгон.

Ал эми 2019-жылдын январь айында Кемелова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалган. 2021-жылы ал Түштүк Корея менен бирге Вьетнамда да элчи болуп турган.

Президент Садыр Жапаров 16-февралда Кемелованы элчилик кызматтан бошотуп, анын ордуна экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилованы дайындаган.