KNOMAD: Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар кескин төмөндөйт

Миграция жана өнүктүрүү маселелери боюнча билим берүү тармагындагы глобалдык өнөктөштүк (KNOMAD) аналитикалык отчётун жарыялады. Анда 2022-жылы Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар кескин кыскарары айтылат.

Уюмдан буга Орусиянын Украинага куралдуу кол салуусу себеп деп түшүндүрүштү. Ошол эле учурда KNOMAD алардын божомолу так эместигин, себеп дегенде маалыматтар согуштук аракеттерден, Украина менен Орусиянын алдыдагы сүйлөшүүлөрүнөн көз каранды деп белгилешти.

Адистердин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 9 айында Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар жалпы чет өлкөлөрдөн которулган акчанын 83%ын түзгөн.

«Борбордук Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүнө акча которуунун агымы азайышы мүмкүн. Орусиядагы экономикалык активдүүлүктүн түшүп кетүүсүнүн кесепеттерине баа берүүнүн, рублдун АКШ долларына карата төмөндөп кетүүсүнүн, 2022-жылы бул аймактагы акча которуулардын темпинин өсүшүнүн жыйынтыктарына таянсак, анын көлөмү болжолдуу орточо 25%ды түзүшү мүмкүн», — деп айтылат анализде.

KNOMAD анализинен алынган скриншот.

KNOMAD’дын баамында, 2022-жылы Кыргызстанга акча которуулар 3%га өсөт деген божомолдун ордуна 33%га азайышы мүмкүн. Уюмдун адистери талдоосун Орусия, Украина жана Грузиянын улуттук банктарынын жана Дүйнөлүк банктын маалыматтарына таянып жасашкан.

Февралда Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борбору Орусияда Кыргызстандын 1 млн жараны эмгек миграциясында жүргөнүн билдирген.

Тема боюнча окуңуз: Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт