ТИМ: Кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө коюлган чектөөнү алуу боюнча иш уланып жатат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандар үчүн көзөмөл-өткөрмө пункттары аркылуу кыргыз-казак чек арасын кесип өтүүдөгү чектөөлөрдү алуу боюнча иштерди улантып жатат.

Буга чейин сапарман айдоочулар Казакстан менен чек ара жабык болгондуктан Европа өлкөлөрүнө жумушчу визаларды алууда кыйынчылыктарга кабылганын айтып нааразы болушкан эле. Аларга Кыргызстанда өкүлчүлүгү жок өлкөлөрдүн визасын алуу үчүн коңшу өлкөгө учак менен барууга туура келген.

ТИМден «бул маселе казак тарап менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн бардык деңгээлинде туруктуу негизде талкууланып жатканын, ал дайыма көзөмөлдө» экенин белгилешти.

Министрликтен Кыргызстанда Европанын 3 өлкөсүнүн дипломаттык өкүлчүлүгү бар экенин эскертишти: Германия, Швейцария жана Венгрия. Аларда башка өлкөлөрдүн визаларын берүү ыйгарым укугу да бар.

  • Германиянын Бишкектеги элчилиги кыргызстандыктарга Белгия, Греция, Люксембург, Норвегия, Португалия жана Швецияга кыска мөөнөттүү 90 күндүк визаларды берет;
  • Швейцариянын Бишкектеги элчилиги кыргызстандыктарга Франция, Финляндия, Лихтенштейн, Латвия, Эстония, Польша, Словакия, Словения жана Чехияга 90 күндүк виза берет;
  • Венгриянын Бишкектеги элчилиги кыргызстандыктарга Греция, Испания, Италия, Литва жана Нидерландыга 90 күндүк виза берет;
  • Ошондой эле Бишкекте Шенген келишимине кирген өлкөлөрдүн визаларын алуу үчүн билдирүүлөрдү кабыл алган Visametric, VFS Global жана TLS Contact виза борборлору ачылган;
  • Visametric виза борборунда Германиянын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен Шенген келишимине кирген өлкөлөргө билдирүүлөрдү кабыл алуу жүргүзүлөт: Бельгия, Греция, Люксембург, Нидерланды, Норвегия, Португалия жана Швецияга 90 күндүк виза алууга болот;
  • VFS Global виза борборунда төмөнкү өлкөлөргө виза алса болот: Австрия, Венгрия, Испания, Греция, Литва (айдоочулар үчүн жумушчу визаларды кошкондо), Нидерланды жана Италия;
  • Улуу Британиянын Бишкектеги виза борборунда (TLS Contact) Hyatt Regency отелинде айына бир-эки жолу визага документтерди кабыл алат.

Бүгүнкү күндө кандай чектөөлөр алынган?

Казакстан аркылуу чек арадан өтүүгө 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам тыюу салынган. ТИМдин белгилешинче, андан бери айрым чектөөлөр акырындап алынууда.

2020-жылдын августунан бери чет өлкөлүк ЖОЖдордун абитуриенттери же студенттери чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн визаларын узартуу үчүн Казакстанга кире алышат. Бирок бул үчүн алдын ала Казакстандын ТИМне дипломатиялык нота жиберүү керек.

Андан тышкары, Бишкек — Нур-Султан — Бишкек, Бишкек — Алматы — Бишкек жана Бишкек — Түркестан — Бишкек багыттары боюнча авиакаттамдар жанданган.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын февралында казак тарап менен Кыргызстандан Орусияга темир жол аркылуу жүргүнчү ташыган поезддер үчүн өз аймагындагы чек арасын ачуу макулдашуусу жетишилген.