Украинадагы согуш: Путин резервдеги аскерлерди согушка жөнөтпөйт, сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду

Украинада Орусиянын кол салуусунан улам башталган согуш уланууда.

7-мартта БУУнун Гаагадагы эл аралык сотунда Украинанын Орусияга карата доосу боюнча уктуруу болуп өттү. БУУнун маалыматына ылайык, Украина Орусия Геноцид тууралуу конвенциянын ченемин бузган жана аны жоопко тартуу керек деп эсептейт.

Украинанын өкүлдөрү БУУдан чечим чыкканга чейин украин элин коргоо үчүн «убактылуу чараларды» кабыл алууну суранышты. «Убактылуу чаралардын» жардамы менен БУУнун соту Орусиядан Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерин токтотуусун талап кыла алат.

Алар Орусиянын Украина өлкөнүн чыгыш облустарында геноцид кылган деген айыптоолорун төгүндөөчү далилдерди да келтирүүнү убадалашты.

Польша менен Беларустун чек арасындагы Беловежа чер токоюнда украин жана орус тараптын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү раунду өттү. Орус делегациясынын жетекчиси жана президенттин жардамчысы Владимир Мединский жолугушуудан кийин сүйлөшүүлөрдөн күтүлгөн үмүттөр акталбаганын айтты.

Ошол эле кезде, ТАСС маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, орус-украин сүйлөшүүлөрү уланып жатат.

Украин лидери Владимир Зеленский делегациялардын сүйлөшүүсүнөн кийин сүйлөшүүлөрдү улантуу талабына бекем турушарын айтты. Ал эми Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк сүйлөшүүлөрдө «логистика жана гуманитардык коридорлорду жакшыртуу боюнча позитивдүү жылыштар» жетишилгенин билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин мөөнөттүү аскердик кызматтын жана резервдеги аскерлер Орусия менен Украинанын куралдуу жаңжалына тарлбасын жана катышпасын билдирди.

«Коюлган тапшырмаларды адискөй аскерлер гана аткарып жатат», — деди Путин.

Украинадагы согуштун шартында, Орусиядагы мектептердин биринин Кирилл атуу окуучусунун үйүнө тарых сабагында эки өлкөнүн ортосундагы аскердик жаңжал тууралуу суроо бергени үчүн полиция кызматкерлери келген.

«Новая газета» басылмасынын журналисттери окуучу жана анын апасы менен окуя тууралуу маектешкен. Кириллдин апасы уулу сабактан келгенден кийин белгисиз номерден телефон чалуу түшүп, милиция бөлүмүнө чакыртышканын айтып берген.