«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Мирлан Ураимов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

«Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоого» шектелген «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов 26-мартка чейин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу 9-мартта Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык соттун алдында эртең менен Ураимовдун 50дөн ашык тарапташы чогулуп, «Мирлан Ураимовго боштондук!», «Чындык эл тарапта!», «Мирлан Ураимов кыргыз жери, эли үчүн күйгөн инсан», «Бийлик элдин талабын уксун» деген транспаранттарды көтөрүп турушту.

Түшкү саат 13:00 чамасында соттун имаратынан Ураимов өзү чыгып, бийликти басып алууга чакырык жасабаганын айтып, чындык баары бир сыртка чыгат деди.

«Менин атымдан жазылган комментарий такыр башкача жазылган. Мен буга чейин бир дагы комментарий жазган эмесмин, жөн гана бөлүшүп турчумун», — деп түшүндүрдү ал.

Мирлан Ураимовдун кармалышы

УКМКнын кызматкерлери Ураимовду 8-февралдын кечинде кармап, үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Активисттин жубайы тинтүү жүргүзгөндөрдүн протоколунда «Орозайым Нарматованын диплому боюнча» кылмыш иштин алкагында деп жазылганын кабарлаган. Күч органдары Ураимовдун жубайынын жана кызынын телефондорун, ошондой эле процессор жана кагаздарды алып кетишкен.

Эртеси күнү атайын кызмат Ураимовго «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен айып тагылганын кабарлаган. Тергөөнү версиясы боюнча, Ураимов социалдык тармактарда «чагымчыл материалдарды тараткан».

Ал эми Ураимовдун жактоочусу Юлия Богданова күч органдары анын кардарын «соцтармактарда калтырган комментарий үчүн кармаганын» билдирген. Бирок адвокат Ураимов эч кандай чакырыктарды жасабаганын жана комментарийлер «анын стилинде жазылбаганын» белгилеген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы маалымат жыйында Ураимов соцтармактарда «бүгүнкү бийликти алмаштырыш керек» деп, президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «ар кандай аттарды коюп, чакырыктарды жасаган» деп билдирген.

Зулушев кимдир бирөөнү «жамандаган үчүн кылмыш ишин козгоо туура эмес экенин», бирок ошол эле учурда «жамандагандын оюнда чакырык же мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган аракеттер болсо» ал киши жоопко тартылышы керектигин айткан.

Ал эми экс-депутат, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова партиялашы Мирлан Ураимов «бийликти басып алуу тууралуу эч качан пикир жазбаганын» айтып, анын Фейсбук аккаунтун бузуп киришкен деп белгилеген.

Анын айтымында, «чагымчыл материалдарды тараткан» деген жүйө менен Ураимовдун кармалышына себеп болгон комментарий 22-январда башка телефондон жазылган. Нарматова Ураимовдун аккаунту дал ошол күнү бузулганын айткан.

«Эсиңер барда мыйзамсыз аракетиңерди токтоткула бийлик! Силердин бийлигиңер менен акчаңардан улук Кудай бар! Тез аранын ичинде Ураимовду бошотуп койгула! Уят!», — деп жазган ал.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Мирлан Ураимовду 26-мартка чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.