Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы төртчүнчү дивизиондогу дүйнө чемпионатын жеңди

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы төртүнчү дивизиондогу дүйнө чемпионатын жеңди. Команда жалпы 64:2 эсебинде төрт беттешти тең утту. Жыйынтыктоочу матчта кыргыз курамасы Кувейттин командасын 14:0 эсебинде жеңди.

Эми кыргыз курамасы үчүнчү дивизиондо ойнойт.

«Беттеш аяктагандан кийин президент Садыр Жапаров улуттук курама команданын кийим алмаштыруучу жайына кирип, хоккейчилерибизди жеңиши менен куттуктады. Президент өзүнүн атынан бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырды», — деп айтылат президенттин сайтында.

Мелдеш 3-8-мартта беш курама команданын катышуусунда Бишкекте өттү. Бул өлкө аймагында спорттун олимпиадалык түрү боюнча өткөн алгачкы дүйнөлүк чемпионат болду.