Бишкек: Милиция бала бакчада сабалды деген баланын окуясын териштире баштады

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду борбор калаанын Ала-Тоо конушунда жеке менчик бала бакчанын тарбиячысы беш жашар баланы башка чаап сабаганын билдирди. Бул тууралуу фонд Фейсбук барагында билдирди.

Укук коргоочуларга кайрылган баланын энесинин айтымында, тарбиячы бала бакчанын жетекчиси да болуп саналат. Баланын башына уруп гана калбастан, кулагын толгоп, даратканага да камашкан.

«Баланын нерв системасы жабыркаптыр, токтобой ыйлап жатат. Бала бакчанын аты жок, Ала-Тоо конушунда жайгашкан. Бишкек мэриясы башаламан жайгашкан бала бакчаларды көзөмөлгө алышы керек. Ал баланы өлөрчө сабап салышы да мүмкүн эле да», — деп билдиришти укук коргоочулар, милицияга арыз жазылганын кошумчалап.

Октябрь РИИБи сабалган баланын апасы милицияга кайрылганын тастыктады. Милициянын маалымытына ылайык, бала сабалганы тууралуу маалымат 3-мартта, №3 балдар ооруканасынан билдирүү келип түшкөндө белгилүү болгон.

Баланын апасы арызында тарбиячы уулун эмне себептен сабаганын билбесин айткан. Окуя РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына киргизилип, териштирүү башталды.

Милиция экспертиза да дайындаган, анын жыйынтыгы менен тарбиячынын аракеттерине карата юридикалык баа берилет. Иш боюнча иликтөө уланып жатат.

Ал арада Билим берүү министрлиги аталган бала бакчага лицензия берилбегенин маалымдашты. Министрликтен ата-энелер балдарын жеке бала бакчага берүүдө документтер менен таанышып, эки тараптуу келишим түзүшү керектигин да кошумчалашты.

«Министрлик мамлекеттик органдар менен биргеликте республикадагы жеке менчик бала бакчаларга лицензиялык талаптардын аткарылышы жана балдардын коопсуздугунун сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүүнү пландап жатат», — деп билдиришти ведомстводон.