Диплом текшерүү: Кочкордо мугалим прокуратурага сурак бергенден кийин өз жанын кыйды

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Кочкор районунун Ак-Чий айылындагы мектептин мугалими муунуп каза болгонун билдирди. Анын сөөгү 9-март күнү өзү жашаган үйдүн кампасынан табылган.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга бул тууралуу 54 жаштагы «Ч.Г.» атуу маркумдун жолдошу кабарлаган. Жерине барган милиция кызматкерлери маркумдун сөөгүнө сырттан кароо жүргүзгөндө эч кандай күч колдонуу белгилерин байкашкан эмес.

Ак-Чий орто мектебинин директору Зыйна Абдраева 24.kg басылмасына маек куруп, мугалим каза болгонго чейин Кочкор райондук прокуратурага сурак бергенин билдирген. Анын айтымында, көзөмөл орган мугалимдин жогорку билимин тастыктаган диплому жасалма экенин аныктаган.

«Ал прокуратурага [суракка] да барып, сабак дагы өтүп аткан. [...] 8-март күнү ал ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызы менен келген. Мен андан окуу жылы аяктаганга чейин калуусун сурандым, себеби башталгыч класстын мугалими болчу. Бирок ал дипломунун жасалма экенин аныкталгандыктан прокуратурага улам суракка чакырылып жатканын айткан», — деди Абдраева.

Мектеп директорунун айтымында, башталгыч класстын мугалими 9-мартта прокуратуранын кезектеги сурагынан кийин асынып алган.

«Прокурор текшерүү дагы эле бүтө элек экенин айтып, [мугалимди] дагы бир жолу чакырыңыз деди. Мен ага чалып, прокурордун суранычын жеткирдим. Ал болсо жолдошу менен келерин айтып, телефонду коюп салды. Бир аз убакыт өткөндөн кийин эле каза болуп калыптыр деген кабар уктум», — деди ал.

Абдраеванын айтымында, сурак башталгандан кийин мугалим «ишти жабуу үчүн» андан жана кесиптештеринен жардам сурай баштаган.«Балдарды окутуу методикасын билчү эмес, мен жардам берчүмүн. Ата-энелер арызданган эмес. Жакшы адам болчу», — деди мектеп директору.

Башкы прокуратура эмне дейт?

Башкы прокуратура бул окуя боюнча билдирүү жасап, Кочкор районунда жанын кыйган мугалим суракта басымга кабылган деген маалыматты четке какты.

Маалыматка ылайык, көзөмөл орган Кочкор райондук билим берүү бөлүмүндө пландуу текшерүүнү баштап, мугалимдердин жогорку билими тууралуу дипломдору да кошо каралган. Анда Ак-Чий орто мектебиндеги эки мугалимдин диплому шек жаратып, аныктоо үчүн жогорку окуу жайларга кат жиберилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен маркум «Ч.Г.» окуу жайдан «Окутуучу» квалификация ыйгарылбаганы кабарланган.

4-мартта мугалим райондук прокуратурага чакыртылган. Тергөөчү диплому тууралуу түшүндүрмө берүүнү сурагада, мугалим университетке өзү барып тактап, 9-мартта келем деп суранып кеткен. Бирок мугалим ошол бойдон кайра келген эмес.

Мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерүү

Буга чейин УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун жана алардын кош жарандыгы бар-жогун текшерип баштаган. Текшерүү үстүбүздөгү жылдын 24-январында башталган, ал 3 айга созулат.

Атайын кызмат, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана депутаттардын жасалма диплом алганы аныкталса, ээлеген кызматын өз ыктыяры менен бошотуп берүү маселеси караларын эскерткен.

Ошондой эле, ведомство жасалма диплом менен кызматка келгендер тууралуу коомчулукка маалымат берип турууну убадалаган.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында УКМК Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын полковниги жана Эсеп палатасынын аудиторунун дипломдорун иликтей баштаган. УКМК алар «жасалма диплом менен иштеп келген» деп шектеген.

Ага чейин, бир нече саясатчы «мыйзамсыз диплом алууга» айыпталып, айрымдарына кылмыш иши козголгон. Алардын арасында депутаттык мандатынан ажыратылган «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү Орозайым Нарматова, мурдагы депутат Рыскелди Момбеков жана парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон Кыянбек Сатыбалдиев дагы бар.

Тема боюнча дагы окуңуз:

УКМК: 24-январдан тартып мамлекеттик кызматкерлердин диплому жана жарандыгы текшерилет

УКМК эки мамлекеттик кызматкер «жасалма диплом» менен иштеп келген деп шектеп жатат