УКМК эки мамлекеттик кызматкер «жасалма диплом» менен иштеп келген деп шектеп жатат

Иллюстративдик сүрөт

УКМК эки мамлекеттик чиновниктин жогорку билими тууралуу дипломун иликтей баштады. Бул тууралуу 26-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, алар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККБ) полковниги «С.Ы.К.», экинчиси — Эсеп палатасынын аудитору «С.З.А». УКМК алардын дипломдору «жасалма» деп шектеп жатат.

Ыманалы Саркулов / Зарылбек Сатаев

ЖМКлардын маалыматына караганда, сөз ЖКККБнын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов тууралуу болуп жатат. Атайын кызматтан Саркулов Орусиянын жогорку окуу жайларынын биринде «Юриспруденция» боюнча адистигин аяктаганы тууралуу диплом бергенин билдиришти.

Ал эми «С.З.А.» инициалдарына Эсеп палатасынын аудитору Зарылбек Сатаев туура келет. УКМК ал Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигин аяктаганын билдирди. Бирок мекеменин сайтында Сатаев 1987-жылы Бишкектеги политехникалык институтту аяктаганы жазылган — учурда окуу жай Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университет деп аталат.

«Азыркы учурда бул фактылар боюнча текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн УКМК тарабынан каралып жатат», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Буга чейин УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун жана алардын кош жарандыгы бар-жогун текшерип баштаган. Текшерүү үстүбүздөгү жылдын 24-январында башталган, ал 3 айга созулат.

Атайын кызмат, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана депутаттардын жасалма диплом алганы аныкталса, ээлеген кызматын өз ыктыяры менен бошотуп берүү маселеси караларын эскерткен.

Ошондой эле, ведомство жасалма диплом менен кызматка келгендер тууралуу коомчулукка маалымат берип турууну убадалаган.

Буга чейин бир нече саясатчы «мыйзамсыз диплом алууга» айыпталып, айрымдарына кылмыш иши козголгон. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова, мурдагы депутат Рыскелди Момбеков жана парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон Кыянбек Сатыбалдиев дагы бар.