Марат Иманкулов: ЖККУнун алкагында Украинага аскер жөнөтүүгө негиз жок

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЖККУнун алкагында Украинага кыргыз аскерлерин же тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтүү ыктымалдыгы каралбагынын билдирди.

«Азыр ЖККУнун ал жакка кийлигишүүсүнө себеп жок. БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү боюнча кандай болорун көрөбүз. Бирок азырынча андай пландар жок», — деп кошумчалады Иманкулов.

Коопсуздук кеңештин катчысы «Орусия менен Украинанын ортосунда келишим процесси активдүү фазага кирди» деп эсептейт. Мурдараак Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын лидери Владимир Зеленский жолугушусу мүмкүндүгү айтылган, бул тууралуу орус башчысынын да, украин президентинин айланасындагылар да билдиришкен.

«Бизге дос эки өлкөнүн ортосунда ушундай болуп жатканын көрүп туруу өтө оор. Мунун бары жакында бүтөт деп ишенем. Мен деле Орусия менен Украина тез арада ымалага келип, тынчтык орношун каалайт элем. Мен ошону гана каалайм», — деп Иманкулов сөзүн жыйынтыктады.

Казак чекистинин билдирүүсү жана Коргоо министрлигинин төгүндөөсү

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Альнур Мусаев 2-мартта Фейсбук барагына «Кыргызстан менен Тажикстан Орусиянын басымы менен өз позицияларынан тайып, жашыруун түрдө ага аскердик колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен» деп жазган.

«Аскер техникасы, ок-дарылар, ошондой эле бул Борбор Азия республикаларындагы орусиялык контингент согушка катышуу үчүн Орусияга четинен чыгарылып жатат», — деп жазган Мусаев бул маалыматты ага ЖККУнун (Жамааттык коопсуздук келишиминин уюму) Катчылыгындагы өздүк булагы билдиргенин кошумчалап.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Альнур Мусаевдин билдирүүсүн төгүнгө чыгарган.

«Кыргызстандын бардык аскер бөлүктөрү республиканын аймагында. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча ар кандай божомолдорду толугу менен жокко чыгарабыз», — деп белгилешкен Коргоо министрлигинен.

Кыргызстандын орток позициясы

Орусия Украинага 24-февраль таң эрте кол салган. Согушта Кыргызстан расмий орток позицияны карманууда.

«Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деген Жапаров 9-мартта.

Ага чейин 5-мартта кыргыз ТИМнин башчысы Руслан Казакбаев Кыргызстан согуш тынчтык менен аяктарына үмүт артарын, ошондой эле өлкө орус-украин сүйлөшүүлөрү үчүн аянтча болуп берүүгө даяр экенин билдирген.

БУУнун Башкы ассамблеясы 2-мартта Украина боюнча резолюцияны жактырган. Резолюцияда Орусияга Украинадагы аскерлерин чыгарып, республикага карата күч колдонуу аракетин токтотуу талабы айтылган. Резолюцияны 141 өлкө колдогон, 5 мамлекет — Орусия, Беларус, Сирия, Түндүк Корея жана Эритрея каршы добуш беришкен. 35 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан добуш берүүдөн карманган.

Тема боюнча:

Украинага кол салуу: «Биринчи каналдагы» акция, каза тапкан кош бойлуу аял жана Донецкке урулган сокку