Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегазга» кендерди иштетүүгө артыкчылык берүүнү сунуштады

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна кен байлыктарды иштетүүдө мамлекет тарабынан артыкчылыктарды берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети 15-марттагы отурумунда айтты.

Ташиевдин айтымында, «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына ылайык учурда жаңы кен байлыктарды иштетүү үчүн лицензия алууга аукцион жарыяланып келет.

Депутат «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишкана болгондуктан анын каражаты чектелүү, ошондуктан конкурсту 15 чукул кытайлык компания утуп келерин айтат.

«Азыр кендерди казуу же иштетүү боюнча бүт эле кытай компаниялары иштеп жатат. Бизде мамлекеттик ишкананы, “Кыргызнефтегазды” өнүктүрөйлү деген саясат болуп жатат азыр. Ошондуктан ал мамлекеттик ишкана болгонуна байланыштуу мамлекеттик артыкчылык бериш керек да», — деди Ташиев.

Ал эми юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова 2021-жылы «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр* киргизилип, мамлекеттик ишканаларга кендерди иштетүүгө лицензия Министрлер кабинети тарабынан берилээрин эске салды.

*Аталган өзгөртүүлөр мыйзамдын 25-1 беренсинде камтылган. Министрлер кабинети мамлекеттин 100%дык үлүшү бар ишканаларга кен казууга лицензияларды аукциондон сырткары бере алат.

«Азыр мамлекеттик ишканалар бош кен болгондо Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине билдирме берсе болот. Ал жерде бир эле шарт бар — иштөөгө жөндөмдүү болушу керек», — деп түшүндүрдү Аскарова.

Ал эми Ташиев иш жүзүндө мамлекеттик ишканалар кендерди иштетүүгө лицензия алуу үчүн жалпы тартипте конкурстарга катышып жатканын жана аны жеке компаниялар утуп жатканын кайра белгиледи. Анын айтымында, конкурсту уткан компаниялар «мунайдын 30-40%ын гана “Кыргызнефтегазга” өткөрүп, калган 60-70%ын өздөрү сатып келет».

Отурумда «Кыргызнефтегаздын» өкүлү алардын ишканасы Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу экенин белгилеп, компанияда мамлекеттин 85% үлүшү бар болгонун билдирди. Ошондой эле ал ишкана аукциондорго жалпы тартипте катышып жатканын тастыктады.

Депутат Шайырбек Ташиев «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, «мамлекеттин 85-90% үлүшү бар компанияларга да артыкчылык берүү керек» деп эсептейт .

«Мамлекеттик ишкана өндүргөн даяр мунай продукциясын көбөйтөйлү деп жатабыз. Себеби мамлекетке жетишсиз болуп жатат. А эгерде кытайлык компаниялар утуп алган болсо, алар өздөрү каалагандай, каалаган жерине сатып жатышат [...] Азыр “Кыргызнефтегазга” караштуу “Кыргыз Петролеум Компани” деген ошол заводуна дагы мунай жетишсиз болуп жатат да», — деди Ташиев.

Ал эми министрдин орун басары Зарема Аскарова ал үчүн алгач парламенттик комитеттин кароосунда турган «Мунай жана газ жөнүндө» мыйзамын жокко чыгаруу керектигин, «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү өзүнчө киргизүү керектигин белгиледи.

Ташиевдин жээни жетектеген «Кыргыз Петролеум Компани»

Садыр Жапаров, Абсаттар Сыргабаев жана Байгазы Матисаков «Кыргыз Петролеум Компани» заводунда. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

20-январда Temirov Live Youtube-каналында «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы» аталышындагы журналисттик иликтөө жарыяланган. Журналисттер мамлекетке караштуу «Кыргызнефтегаздын» туундуу «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасын Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектегенин аныкташкан.

Ошондой эле иликтөөчүлөр Ташиевдердин үй-бүлөсү менен байланышы бар «Регион Ойл» компаниясы «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы өндүргөн мазутту Өзбекстанга ортомчу катары экспорттоп жатканын билдиришкен. «Регион Ойл» бул операциядан эки күндө 37 млн сом киреше тапканы да белгилүү болгон.

«Регион Ойл» ЖЧКсынын директору Назгүл Айдарова ошол эле маалда «Жалал-Абад нефтти кайра иштетүүчү заводу» ЖЧКсында бухгалтер болуп иштейт. Бул компаниянын негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми жетекчиси Шайырбек Ташиев деп саналат. Муну Шайырбек Ташиев өзү да тастыктаган.

Журналисттик иликтөө жарыялангандан эки күн өткөндөн кийин ИИМдин кызматкерлери Temirov Live каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду кармашкан. Аларга баңгизатты мыйзамсыз сактоо айыбы тагылган. Күч кызматкерлери каналдын кеңсесине бастырып кирип, маалыматтар сакталган техниканы да алып кетишкен.

Андан соң активисттер жана шаар тургундары Темиров жана Назаровду колдоп нааразычылык акциясына чыгышкан. Анын натыйжасында журналист менен төкмө акын камактан бошотулган. Бирок аларга карата ачылган кылмыш иши дагы деле тергелип жатат.

Көп өтпөй «Кыргыз Петролеум Компанинин» директору Байгазы Матисаков журналисттерди сотко берүүгө даяр экенин билдирген.

Анткени Матисаков «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы «Регион Ойл» команиясына мунайды кайра иштетип берип аларга кызмат көрсөтүп жатканын гана айткан.

Ал эми 13-мартта Министрлер кабинети «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасына 9 гектар жерди 49 жылга акысыз ижарага берүү чечимин кабыл алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?