Темиров эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду, Наразов убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкектин Свердлов райондук соту 23-январда Temirov Live’тын негиздөөчүсү Болот Темировдун баш коргоо чарасын карап, аны эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Ал эми Temirov Live менен кызматташып келген төкмө акын Болот Назаров 48 саатка Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милициянын маалыматы боюнча, 22-январда Бишкек ШИИБге А.А. атту жаран кайрылып, 2021-жылдын 25-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин аны баңгизат колдонууга түрткү берип келген «Болот» аттуу жаранга жана анын досторнуа чара көрүүнү өтүнгөн.

Анын айтымында, окуя Сухомлинов көчөсүндөгү №52А үйдүн жанындагы ЮРФА медициналык борбору тарапта, ошондой эле, Логвиненко көчөсүндөгү №55 үйдө жайгашкан кеңеседе болгон.

«Ошол эле күнү журналист Болот Темировго тиешелүү бул даректи тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда Темировдон полиэтилен баштыкчасы табылып, анын ичинде салмагы 7,79 граммды түзгөн кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул зат 7,77 грамм салмактагы «Гашиш» кара куурай чайырынан жасалган баңгизат экени аныкталганын белгилешти.

Милициядан, ошондой эле, Темировдун кесиптеши Назаров Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

Ал 22-январда Жумабе жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган. Милиция кызматкерлери төкмө акындын жанынан «табылган ичинде салмагы 14,71 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү зат бар полителен баштыкча табылган». Иликтөө иштеринде табылган зат салмагы 8,69 грамм «Гашиш» экени аныкталганын билдиришти.

ИИМдин Тергөө кызматынын көзөмөлдөө, усулдук башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкуловдун айтымында, Темиров жана Назаров баңгизатты мыйзамсыз колдонууга жана сактоого айыпталып жатышат.

Ошол эле учурда Аманкулов Temirov Live’тын кеңсесин тинтүү жана андагы компьютерлерди жана башка жабдыктарды алуу тергөө менен түздөн-түз байланышы бар экенин түшүндүрө алган жок. Анын айтымында, андагы бардык маалыматтар текшерилет.

Бишкек шаардык баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын ондогон кызматкери 22-январда Temirov LIVE каналынын иликтөөчү журналисттеринин кеңсесине бастырып кирип, аларды полго жаткырып тинтүүгө алышкан.

Беш сааттык тергөө амалдарынан кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап, кеңседен күч менен алып чыгып кетишкен. Темиров «мага жалган жалаа жаап жатышат, салып коюшту» деп айтууга үлгүргөн.

Ошондой эле, Temirov Live’дын кызматкерлери милиционерлер Болот Темировдун чөнтөгүнө белгисиз баштыкчаны салып, кайра аны алышканын көрүшкөн. Андан соң анын чөнтөгүнөн затты алып чыгымыш болуп, далил буюм катары каттоого алышкан

Укук коргоо органдары кеңседен компьютерлердин процессорлорун, хард-дисктерди, документтерди, видео байкоочу камералардагы жазууларды алып чыгып кетишкен.

Темировго тагылган айып менен тергөө иштерине журналисттик иликтөөнүн материалдары сакталган дисктердин кандай тиешеси бар экени түшүнүксүз.

Андан соң Темировду Бишкек ШИИБге алып кетип, наркология борборуна жеткиришкен. Экспертиза журналисттин канында баңгизат жок экенин көрсөткөн. Наркология борборунан чыгып жатып Болот Темиров журналисттерге окуя кандай болгонун айтып үлгүргөн.

«Алар кирип келгенде мени полго жаткырышып, үстүмө [күч органдарынын] эки кызматкери отуруп алды. Ошол кезде арткы чөнтөгүм аларга жеткиликтүү болчу. Ал эми арткы чөнтөктү тинтип жатышканда баштыкка оролгон белгисиз жашыл зат табышты. Бул албетте меники эмес, мен муну эч качан кылган эмесмин», — деп түшүндүргөн Темиров.

Temirov LIVE’тын журналисттери 23-январда билдирүү жасашты. Алар Болот Темировдун кармалышын аткаминерлер түзгөн коррупциялык схемаларды ачууга жасалган тоскоолдук жана оозду жабуу аракети катары баалашты. Ошондой эле журналисттер буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана анын туугандарына байлыныштуу бир нече иликтөөлөрдү жарыялашканын белгилеп өтүштү. Андан соң мунун жыйынтыгы деп акыркы окуяларды мисал келтиришти.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышына нааразычылык билдирип Бишкек менен Ошто митингдер өтүп жатат. Журналисттер жана активисттер Темировго айып тагуу менен «бийлик сөз эркиндигин ооздуктоого аракет кылып жатканын» айтышууда.

Temirov Live’дын Камчыбек Ташиевге байланыштуу жасаган иликтөөлөрү

Өткөн жылдын 13-октябрында Temirov Live’тын журналисттери Жалал-Абаддагы кафелердин биринде официантка кол салган киши менен Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн байланышын таап чыгышкан.

Ошол эле жылдын 20-ноябрында Temirov Live’тын мамлекеттик үлүшү бар «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасына Ташиевдин бир тууган жээни Байгазы Матисаков башчы болуп дайындалганын аныкташкан.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 20-январында Temirov Live ютуб-каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Журналисттер Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектеген, мамлекеттин үлүшү бар «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясы мазутту ортомчу «Регион Ойл» компаниясына сатып жатканын аныкташкан.

Аталган компания болсо 2021-жылдын 23-24-июнь күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 3 666 тонна мазут экспорттогон. Журналисттер «Регион Ойл» мындан 37 млн сом киреше тапканын эсептеп чыгышкан.

«Регион Ойл» 34 жаштагы Назгүл Айдаровага таандык — ал 2021-жылы апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан, бирок мандатка илешпей калган. Аталган партия УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу деп айтылат.

Айдарова шаардык кеңешке талапкерлигин койгондо «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводдо» бухгалтер болуп иштегенин көрсөткөн. Заводдун негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми директору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болуп саналат. Мындан сырткары, Айдарова 2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Шайырбек Ташиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталды.

Temirov Live «Ачык бюджет» порталындагы маалыматтарга таянып, Айдарова жетектеген «Регион Ойл» бир жылдын ичинде Түштүк-батыш бажыга товарларды каттоо үчүн 52 жолу төлөм жүргүзгөнүн билдирди.

«Бир гана мазут экспорттойбуз. Мазуттан бөлөк продукцияны экспорттоого тыюу салынган, ошого мазутту гана экспорт кылабыз [...] [2021-жылы] Өзбекстан, Италияга [экспорт болду]», — деген Айдарова Temirov Live’дын журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып.

Ошол эле учурда Айдарова «Регион Ойл» бир жылда канча тонна мазут экспорттогону тууралуу маалыматты ачыктоодон баш тартып, Салык кызматына кайрылууну айткан.

«Эмнеге ортомчусу жок, экспорттогонго мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик ишкана миңдеген тонна мазутту ортомчулардын колуна карматып жатат? “Кыргыз Петролеум Компани” жылына 160 млн сом тапса ортомчу “Регион Ойл” эки күндүн ичинде 37 млн сом киреше таап отурат», — деп суроо салган иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков.

Кийинчерээк Айдарова «Регион Ойл» Ташиевдер жана «Кыргыз Петролеум Компани» менен байланышын четке каккан.

Авторлору: Элвира Султанмурат кызы, Дилде Шатанова