Орусия: Согушту айыптаган «Биринчи каналдын» редакторуна айып салынды

Москванын Останкино райондук соту 15-мартта бийликчил «Биринчи канал» телеканалынын редактору Марина Овсянниковага 30 миң рубль айып салды. Күн мурун ал телеканалдын түз эфирине согушту айыптаган плакат менен кирип барып, «согушту токтоткула», «согушка жол жок» деген чакырыктарды айткан. Сот аны «Коомдук иш чараларды эскертүүсүз уюштуруу же өткөрүү» беренеси менен күнөөлү деп тапты. Бирок Овсянникова сот отурумунда күнөөнү мойнуна албасын билдирди.

«Мен күнөөнү мойнума албайм, бул менин согушка каршы айткан оюм болчу», — деди ал.

Сот отурумунан кийин Овсянникова журналисттерге аябай чарчаганын, себеби 14 сааттан ашык суракка бергенин айтты. Анын айтымында, жанына адвокат киргизилген эмес, жакындары менен да сүйлөштүрбөй коюшкан. Ошондой эле ал окуяга комментарий берүүдөн мурда эс алышы керектигин кошумчалады.

Овсянникованын тарапташтары журналист жаңы Кылмыш кодексине ылайык жоопко тартылышы мүмкүн деп кооптонушууда. Анда 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

БУУнун адам укуктары боюнча басма сөз катчысы Равина Шамдасани Женевадагы брифингде орус бийлигин Овсянниковага карата куугунтук уюштурбоого чакырды.

«Биз бийликти Овсянникова сөз эркиндигине болгон укугун колдонгону үчүн кандайдыр бир куугунттуктарга дуушар болбошун камсыздоого чакырабыз», — деди ал.

Эмне болду эле?

14-мартта Орусиянын бийликчил делген «Биринчи каналынын» редактору Марина Овсянникова «Время» телеберүүсүнүн эфирине согушка каршы плакат көтөрүп кирип барган. Ал учурда программанын алып баруучусу Екатерина Андреева түз эфирде батыштын санкцияларына каршы туруу тууралуу сюжеттин кириш сөзүн окуп жаткан.

Овсянникова эфир учурунда студияга кирип барып, «Согушту токтоткула», «Согушка жол жок» деген ураанды айта баштаган. Бир нече секунддан кийин эле эфирге дароо алдын ала даярдалган сюжеттин кадрлары коюлган.

Түз эфирге кирип келүүдөн мурда Овсянникова видеокайрылуу жаздырып, Орусиянын Украинага кол салуусун айтыптап, аны «кылмыш» деп атап, ага «орус президенти Владимир Путинди күнөөлөгөн».

Редактор «Биринчи каналда» «Кремлдин пропагандасын жүргүзүп» иштегени үчүн уялып жатканын да айткан.

«Жалган айттырып, орус элин зомбиге айлантууга жол бергеним үчүн абдан уялып турам», — деген ал.

Кийин Овсянникова кармалып, Останкино телеборборунун кезмет бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болгон. Бул тууралуу укук коргоочу жана «Агора» тобунун жетеучиси Павел Чиков адвокат Даниил Берманга таянып айткан. Чиковдун айтымында, телеборборго Москванын Түндүк-чыгыш административдик округундагы ИИБдин полициясы келген.

Дүйнөнүн согушка каршы реакциясы

Алексей Навальныйдын үзөңгүлөшү Любовь Соболь Твиттер барагына Овсянникованын акциясынын телэкрандан кыркып алынган скриншотун чыгарып, The Guardian журналынын макетин жарыялаган. Аны журналдын «эртеңки башкы бети» деп болжогон.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да бул окуяга карата оюн айтып, Овсянниковага эрдиги үчүн ыраазычылыгын билдирген.

«Мен чындыкты жеткирүү аракетин улантып жаткан орусиялыктарга, анын ичинде “Биринчи каналдын” экифирине согушка каршы плакат менен кирип барган кызга ыраазымын», — деген Зеленский.

Ал эми АКШ президенттигине талапкер болгон Демократтар партиясындагы Берни Сандерс Твиттер барагында Овсянникованын акциясын «укмуштуудай эрдик» деп атаган.

24-февралга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган. Анын айтымында, операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо». Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Орусия Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоого умтулат» деп билдирген.