Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти алдамчылыкка шектелип кармалды

Сүрөт: «Аю Холдинг»

Башкы прокуратура «алдамчылык» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти «Ш.К.Аны» кармады. Бул тууралуу көзөмөл органдын басма сөз кызматы 16-мартта маалымдады.

Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү шериги «Д.Н.Э.» менен 2009-жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, жалпысынан 117 млн сомго ири өлчөмдөгү ун сатып алышкандыгы аныкталган.

«Бирок, бул адамдар келишим түзүлгөн күндөн тартып өз милдеттерин аткаруудан качуу максатын көздөп, 12 жыл ичинде сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып келишкен. Жыйынтыгында, мамлекетке жалпысынан 117 миллион сом зыян келтирилген», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Мындан сырткары, шектүүлөр «С.А.» аттуу жарандын ишенимине кирип күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү 15 млн сомдон ашуун суммага саткан. Мындан улам жабырлануучу «ири өлчөмдөгү зыянга» учураган.

Башкы прокуратура «Ш.К.Аны» Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизди. Ушул эле иш боюнча шектүү катары өтүп жаткан «Д.Н.Э.» аттуу киши эл аралык издөөгө жарыяланды.

Соода-өнөр жай палатасынын сайтындагы маалымат боюнча «Ш.К.А.» инициалдарына вице-президент Канатбек Шатманов туура келет. Ошондой эле ал уюмдун президиумунун мүчөсү катары көрсөтүлгөн.