Жалал-Абад шаардык соту Шайырбек Ташиевге 9 жыл мурда козголгон ишти кыскартты

Жалал-Абад шаардык соту 21-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, депутат Шайырбек Ташиевдин «бийликти күч менен басып алуу» боюнча 9 жыл мурда козголгон кылмыш ишин кыскартты.

Медербек Үсөнов / Шайырбек Ташиев / Жеңиш Токторбаев / Абсаттар Сыргабаев

Аталган иштин алкагында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Камчыбек Ташиевдин «өкүл баласы» Абсаттар Сыргабаев, депутат Жеңиш Токторбаев жана Медербек Үсөнов да соттолгон. Сот алардын ишин да кыскартты.

Иштин кыскартылышына Жалал-Абад шаардык прокуратуранын оозеки өтүнүчү негиз болду. Прокурор айыпталуучулар 2013-жылы уюштурган митингде «Кумтөр маселеси боюнча нааразы болушканын, азыркы учурда бул маселелер каралып, алар мамлекеттик кызматта иштеп жатышканын» негиздеп, айыптоону колдоодон баш тарта турганын билдирди.

Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Жогорку сот 2021-жылдын май айында аталган ишти Жалал-Абад шаардык сотуна кайра кароого жиберген. Буга соттук териштирүүдөгү «процессуалдык мыйзам бузуулар» негиз болгону айтылган. Ал эми шаардык прокутатура өтүнүчүн Ташиевдин мурдагы партиялашы Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп турганда келтирди.

Ташиев, Жапаров жана Мамытовду колдоо митинги

2013-жылдын май айында Ташиев, Сыргабаев, Токторбаев жана Үсөнов тарапташтары менен Жалал-Абад шаарында митингге чыгышкан. Алар облустук администрациясынын имаратын басып алып, «Ата Журт» партиясынын мүчөсү Медербек Үсөновду «Жалал-Абаддын губернатору» деп аташкан.

Митингчилер ошол кездеги өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Төрөмаматов имараттан кууп чыгышкан. Ал эми Ташиев Жалал-Абад шаарынын мэрлигине Тайырбек Чойбековду дайындоону көздөп жатышканын белгилеген.

Шайырбек Ташиев облустук администрациянын имаратын басып алганын журналисттерге тастыктап, «милиция жана кызматкерлер каршылык көрсөтпөгөнүн» билдирген.

Митингчилер Кумтөр кени боюнча келишимди жокко чыгарууну жана ошол кезде камакта отурган «Ата Журт» фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду бошотууну талап кылышкан.

*Жапаров, Ташиев жана Мамытов 2012-жылдын октябрь айында Кумтөрдү улутташтыруу талабы менен Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Анда айрым митингчилер Ак үдүн тосмосунан ашууга аракеттенишкен. 2013-жылы саясатчылар «бийликти күч менен басып алууга» күнөөлүү деп табылып, депутаттык мандаттарынан ажыратылышкан. Ал эми 2020-жылдын октябрь айында бийликке Садыр Жапаров келгенден кийин Жогорку сот экс-депутаттарды актаган.

Эки күндөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Үсөновду кармап, Бишкекке алып кеткен. Ал эми митингчилер УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгын басып алууга аракеттенишкен. Ошондой эле алар Бишкек — Ош унаа жолун тосушкан.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы «Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу» жана «Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо» беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөдө митингдин алты катышуучусуна айып тагылган.

2013-жылдын декабрь айында Жалал-Абад облусттук сотунун өкүмү менен айыпталуучулардын ар бири үч жылга шарттуу кесилген.