«Эрдигине таазим кылам». Президент Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

17-мартта президент Садыр Жапаров Аксы окуясынын 20 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Жапаровдун кайрылуусу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Анда өлкө башчысы 2002-жылдагы Аксы окуясы коомдун аң-сезимин белгилүү нукка бурган окуялардын бири экенин билдирди.

«Аксы районунун тургундары эл байлыгын талоонго алууга, өлкөнүн улуттук байлыгын сатууга макул болбогон азаматтарды кысымга алган текебер бийликке жалтанбастан каршы чыгышкан. Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөн», — деп билдирди ал.

Ошондой эле, президент Кыргызстанда болгон төңкөрүштөр демократиялуу, өнүккөн мамлекет курууга багытталган тарыхый окуялар экенин белгилеп, өкүнүчтүүсү, бул тарыхый төңкөрүштөр карапайым жарандарыбыздын өмүрүн алды деп кошумчалады.

«Аксы трагедиясында курман болгон атуулдарыбыз биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн, элдин эркиндиги үчүн өз жандарын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылам!» — деди президент.

Аны менен катар, президент Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

Аксы окуялары

20 жыл мурда, 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылынын тургундары Үзөңгү-Кууштун бир бөлүгү Кытайга берилишине каршы чыгып, президент Акаевге импичмент жарыялоону демилгелегени үчүн камакка алынган Азимбек Бекназаровду бошотууну талап кылышкан.

Бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан.

Ошол кездеги өлкө башчысы Аскар Акаев митингчилерге атууга жергиликтүү бийликти күнөөлөгөн. Аксы окуясынан кийин үч жыл өткөн соң Акаев тактан кулатылып, Орусияга чыгып кеткен.

Андан соң өлкө башчылыгына Курманбек Бакиев келип, ал дагы 2010-жылы нааразылыктардын шартында Беларуска өтө качкан. 7-апрелде борбордук аянтта ондогон адамдар курман болгон.

Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналып Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында монумент орнотулган

Тема боюнча:

Аксы, Кумтөр, Үй-бүлөлүк башкаруу. 16 жыл өткөндөн кийин Акаевдин режимине сүртүм