Токтогулда чүрпөсүн дааратканага таштап кеткен эне кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дааратканасына ташталган ымыркайдын апасы табылды. Ал 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдинбек Жээнтаев билдирди.

11-августта саат 06:00 чамасында ажаатканга ташталган ымыркай боюнча милицияга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен. Маалыматка ылайык, ымыркайдын үнүн алгач көп кабаттуу үйдүн 59 жаштагы жашоочусу угуп, ӨКМ кызматына жардам сурап чалган.

«Жашоочу намаз окуу үчүн даарат алууга саат 05:00дө сыртка дараатканага чыккан. Анан ал жактан наристенин үнүн угуп дароо ӨКМге чалган», — дейт Жээнтаев.

Ымыркайды ажаатканадан ӨКМдин төрт куткаруучусу алып чыгып, Токтогул аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жеткиришкен. Ал жаңы эле төрөлгөн ымыркай болгон. Дарыгерлер чүрпөнүн абалын «канааттандырарлык» деп баалашууда.

Аталган факт КЖБРге «Коркунучта калтыруу» беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Ал окуядан үч күн мурда Бишкектен Токтогул шаарына курбусунукуна барган.

«Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран азыр Токтогул шаарында. Бул боюнча дагы кошумча маалымат берилет», — деп кошумчалады Жээнтаев.