Токтогул: Ымыркайын ажатканага таштап салган 18 жаштагы кыз бир жылга шарттуу кесилди

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайын ажатканага таштап салган 18 жаштагы кыз бир жылга шарттуу эркинен ажыратылды. Өкүмдү шаардык сот 4-ноябрда чыгарды.

Айыпталуучу «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө аракеттенүү» беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Сот аны эки жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алып, ошол эле учурда соттолуучуга карата бир жылдык пробациялык көзөмөл колдонду.

*Пробациялык көзөмөл анча оор эмес кылмыштарга соттолгон адамдарга карата колдонулат. Пробацияга алынган киши эркинен ажыратылбай, үч жылга чейинки мөөнөттө укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот.

Үстүбуздөгү жылдын 11-августунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Токтогул шаарында ажатканага ташталган жаңы төрөлгөн ымыркайды куткарышкан. Ошол эле күнү бул боюнча милицияга кабар берилген.

Кийинчерээк укук коргоо органдары ымыркайдын 18 жаштагы энесин таап, «Коркунучта калтыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Тергөө маалында шектүү аны «Нурислам» аттуу бала Бишкек шаарында зордуктап койгонун айткан.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөнү толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, ал ошол күндөрү Токтогул шаарына таякесинин тоюна келип, курбусунун үйүндө бир нече күн жатып калган. Ал эми 11-августка караган түнү кыздын толгоосу келип, ал үйдүн дааратканасында көз жарган.

Күбө катары суралган 59 жаштагы үйдүн ээси отурумда ошол күнү саат 5:00 чамаларында намазга туруп, ажатканага барган учурда «мышыктын үнүнө окшогон үн чыгып жатканын» байкаганын айткан. Кийинчерээк ал аялын чакырып, «мышыкты чыгарууга аракет жасаганда» ал ымыркай болуп чыккан.

Үй ээлери кошунасын жардамга чакырышып, бирок анда да баланы чыгара албай коюшкан. Мындан улам алар куткаруучуларды чакырган.

Буга чейин, 19-октябрда, Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылган. Милиция «Коркунучта калтыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин ачып, маркумдун энесине издөө салган.