Кара-Кулжада тоонун боорунан 9 жашар баланын сөөгү табылды, милиция окуяны териштирүүдө

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызмтаты

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айыл аймагындагы Шиштей-Дөң тоосунун боорунан 9 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 17-мартта кабарлады.

ӨКМдин маалыматына ылайык, жаш бала 16-мартта үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эмес. Аны издөөгө 10 куткаруучу жана 65 жергиликтүү тургун тартылган.

Ал эми Ош ОИИБден маркум 15-мартта саат 17:00 чамасында Чоң-Секи жайлоосунда мал караган чоң атасына бара жатып, дайынсыз жоголуп кеткенин билдиришти.

Анын сөөгү Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери жана тургундар тарабынан бак-дарактардын арасынан табылган. Милициядан жаш баланын денесинде зомбулуктун белгилери байкалган жок деп маалымдашты.

Ошондой эле, облустун милициядан маркумдун туугандары арыз жазуудан жана сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартканын кошумчалады. Кара-Кулжа РИИБи бул окуя боюнча териштирүүнү улантууда.

2021-жылдын 2-апрелинде Алай районунда 14 жаштагы өспүрүм мал кайтарганы кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Ошол эле күнү аймакта кар көчкү түшкөнү белгилүү болгон.

Ал кар көчкү астында калганы божомолдонуп, издөө иштерине жалпысынан 200дөй киши тартылган. Сегиз күндөн кийин өспүрүмдүн сөөгү көчкүнүн астынан табылган.