УКМК: «Манас» аэропортунун адиси кытай жаранынан жүз миң сом пара алып жатканда кармалды

УКМК Кытайдын жаранынан жүз миң сом пара алып жаткан жеринен «Манас» аэропортунун көзөмөл-өткөрмө пунктунун адисин кармады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин маалыматына ылайык, адис 17-мартта кармалган.

«Ал Кытайдын жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Кармалган адис УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2020-жылдын декабрында «Манас» эл аралык аэропортунда мамлекетке 65 млн сом зыян келтирилгени аныкталган. Башкы прокуратуранын текшерүүсү мамлекеттик сатып алуунун ишке ашырууда «Манас» аэропорту менен чет өлкөлүк команиянын ортосунда байланыш болгонун аныктаган.

Прокуратуранын версиясы боюнча, аэропорттун жетекчилиги чет элдик компаниянын кызыкчылыгын бир адам аркылуу ишке ашырып турган. Товарларды сатып алууну пландоо баскычында жогорулатылган баалар коюлуп, ал эми жеңүүчүлөр бузуулар менен аныкталган.