Бишкекте «Өмүр фонтаны» фондунун алдында чоңдор үчүн хоспис ачылды

Бишкек шаарында үй-жайсыз адамдарга көмөк көрсөткөн «Өмүр фонтаны» фондунун алдында катуу ооруган адамдар үчүн хоспис ачылды. Бул тууралуу фонддун өкүлдөрү «Кактус Медиага» маалымдашты.

«Хосписте туруктуу үй-жайы жок, онкологиялык ооруга чалдыккан адамдарга жардам көрсөтөбүз. Атайын даярдыктан өткөн, тажрыйбалуу кызматкерлер — Нидерландыдан келген паллиативдик адис, врачтар, медайымдар, күзөтчү жана ашпозчу бар», — деп белгилешти алар.

Маалыматка караганда, хосписте алты орун бар, азыркы учурда төрт койка бош. Онкология, жүрөк оорулары жана боордун циррозунун терминалдык абалындагы бейтаптар кайрылса болот.

«Өмүр фонтаны» хосписте катуу ооруган адамды баккан жакындарына жеңилдик болуш үчүн убактылуу кароо кызматы бар экенин кошумчалады.

«Эгерде тааныштарыңыздын арасында паллиативдик же өзгөчө багууга мүктаж адамдар болсо бизге кайрылыңыз, биз жардам берип же болбосо ооруну жеңилдеткенге аракет кылабыз», — дешет фонддун кызматкерлери.

Бейтаптарга жардам көрсөтүү акысыз, бирок кошумча анализдер (зарыл болсо), атайын тамак-аш туугандарынын эсебинен төлөнөт. Башка учурда хосписте кадимки эле тартипте үч маал тамак берилет.

«Өмүр фонтаны» фонду

«Өмүр фонтаны» фонду Кыргызстанда 2009-жылдан бери иштеп келет.

Бишкек шаарында үй-жайсыз адамдарды аныктоо жана аларга жардам көрсөтүү максатында тынымсыз рейд өткөрүп турат. Фонд аларга медициналык жардам көрсөтүп, ысык тамак жана кийим-кече менен камсыз кылып келет.

COVID-19 пандемиясынан улам өлкөдө карантин жарыяланганда оор абалда калган үй-жайсыз тургундарга ысык тамак уюштуруп, колу-башын жууп, дезинфекциялоочу процедуралардан өтүүгө шарт түзгөн.