Байсалов Кыргызстан Украинадагы согуш боюнча бейтарап позицияны карманарын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Ала-Тоо 24» телеканалынын эфиринде Украинадагы согушка карата Кыргызстандын позициясы бейтарап болуш керектигин билдирди.

«Биз тынч мамлекетпиз, Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсүбүз. БУУнун уставы да бар, ал жерде ар бир мамалекет ички жана тышкы саясатын өзү чектейт деген принциптер каралган. Ал эми конфликт боюнча, бизге эки мамлекет тең жакын. Биз экөө менен тең достук мамиледебиз, жана эки мамлекеттин ортосунда болуп жаткан араздашууга, мурда биздин ТИМ министри айтып кеткендей конфликтке ортомчу болуп, бизге бул тиешелүү эмес деп койбостон, эки мамлекетти тең тынчтыкка, акыйкаттуулукка, калыстыкка чакырабыз», — деди Байсалов.

Ал согуш Кыргызстанга түздөн-түз таасирин тийгизип, экономикалык кырдаалды курчутуп жатканын мойнуна алды.

«Мисалга алсак, рублдин куну болобу, сомдун куну болобу, негизги өнөктөшүбүз [Орусия] мурунку аптада күйүүчү майдын жана буудайдын экспорту боюнча чектөөлөрдү койду. Мунун баары бизге азыр таасирин берди. Эмки аптада, эмки айда, бир нече айдан кийин бизге толугу менен кесепети тиет. Балким эртеңки күнү муну силер билген жоксуңар, алдын ала айта алган жоксуңар деген күчтөр чыгат, ошондуктан биз азыр айтып коюшубуз керек, кырдаал болуп көрбөгөндөй [оор]», — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Тынчтык жана сүйлөшүүлөр үчүн аянтча

Кыргызстан Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу маселеде орток позицияны карманууда.БУУнун Башкы ассамблеясы 2-мартта Украина боюнча резолюцияны жактырган. Анда Орусияга Украинадагы аскерлерин чыгарып, республикага карата күч колдонуу аракетин токтотуу талабы айтылган. Резолюцияны 141 өлкө колдогон, 5 мамлекет — Орусия, Беларус, Сирия, Түндүк Корея жана Эритрея каршы добуш беришкен. 35 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан добуш берүүдөн карманган.

5-мартта кыргыз ТИМнин башчысы Руслан Казакбаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушууда Орусия менен Украинаны тынчтыкка чакырып, жаңжалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөгөн. Мындан тышкары, Казакбаев Кыргызстанды украин-орус сүйлөшүүсү үчүн аянтча катары да сунуштаган.

«Биз дүйнөлүк согуштан кийинки тарыхта болуп көрбөгөндөй кризиске күбө болуп жатабыз. Дүйнө катастрофанын босогосунда турат, мындан кийин биздин цивилизация оңолбой калышы мүмкүн», — деген кыргыз дипломаты.Эки өлкөнүн ортосундагы согушта Кыргызстан бейтарап позицияны карманарын президент Садыр Жапаров дагы белгилеген.

«Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деген Жапаров.

Бул билдирүүгө чейин, 26-февралда, Кремль Жапаров Орусиянын Украинага кол салуусун колдоду, бул тууралуу ал Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөндө айтты делген маалыматын чыгарган. Бирок Жапаровдун сайтында мындай көз караш тууралуу эч бир туюнтма болгон эмес. Кремлдин маалыматын Орусиянын мамлекеттик басылмалары тарткатып үлгүргөн күндүн эртеси Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы Бишкектин «тынчтык үчүн» деген позициясын билдирген.

«Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан тараптардын тынчтыкка тез арада жетишине үмүттөнөрүн белгилейбиз. Биз түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну кубаттайбыз, анын ичинде мындан аркы жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөр жолу менен да», — деп айткан Эрбол Султанбаев.