Кара-Сууда изделип жаткан эки кишини тоноо максатында өлтүрүп, көмүп салгандар кармалды

Шектүүлөр

Ош облусунун Кара-Суу районунда 17 жана 28 жаштагы эки адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар 15-17-март күндөрү буга чейин дайынсыз жоголду деп изделип жаткан эки адамды өлтүрүүгө шектелип жатышат.

Ош ОИИБден билдиришкендей, шектүүлөр өздөрүн такси кызматкерлери катары тааныштырып, эки жүргүнчүнү эки башка күнү тоноп, андан соң өлтүрүп көмүп салышкан.

Маркумдардын бири 20 жаштагы Өзбекстандын жараны болгон. Ал 15-март күнү Достук чек ара өткөрмө бекетинен чыгып Ош шаарына баруу үчүн таксиге отурган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар Жаңы-Маала айылына жеткенде арткы орундукта отурган шектүүлөрдүн бири жабырлануучудан акчасы бар-жогун сураган. Акча жок деген жоопту укканда уруп, алдын ала камдап алган жип менен муунтуп өлтүргөн.

Жабырлануучунун жанынан 7000 сомун, 100 АКШ долларын, телефонун алган соң, кылмышты жашыруу максатында Шералы жана Жаңы-Кызыл-Суу айылдарынын ортосуна көмүп салышкан. Ал эми кол баштыгын ичиндеги буюмдары менен кошо ошол жерде өрттөп жиберишкен.

Шектүүлөр 17-март күнү кылмыштуу ишин улантуу үчүн Кара-Суу шаарындагы Туратали базарына барышкан. Анда жумуштан чыккан Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну шектүүлөрдүн унаасына отурган.

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылына жеткенде унааны токтотуп, жүргүнчүдөн акча доолай башташкан. Ал акчасы жок экенин айтканда, аны да муунтуп өлтүрүшкөн.

Маркумдун 6000 сом акчасын, ноутбугун, телефонун жана флешкасын алып, сөөктү райондогу автоунаа өтүүчү жолдун батыш тарабындагы сайдын боюна көмүшкөн.

Каза болгондордун жакындары буга чейин аларды дайынсыз жоголду деп милицияга арыз менен кайрылышкан.

Факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдүн бири Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, бири Өзбекстандын жараны экени аныкталып, алар күнөөсүн мойнуна алышты. Учурда тергөө уланууда.