Баткен: Президенттин катышуусундагы Нооруз майрамына 8,3 млн сом сарпталды – Factcheck.kg

Баткен шаарында Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чараларга жергиликтүү бюджетттен 8,3 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Factcheck.kg мамлекеттик сатып алуулар сайтына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, каражаттын 6,8 млн сому шоу-программаларга жумшалып, 1,5 млн сомго Баткен шаарынын борбордук стадиону жасалгаланган.

Ал эми Бишкекте быйыл Нооруз майрымына карата 1,8 млн сом жумшалды. Бул Баткенде жумшалган каражаттан төрт эсе аз.

Factcheck’тин журналисттеринин пикиринде, Баткенде быйыл Ноорузга карата чыгымдын өсүшү президент Садыр Жапаровдун майрамды ал жакка барып тосууну чечкени менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Президент 21-мартта жергиликтүүлөрдүн алдында сүйлөп жатып жазгы майрамды «эгемен өлкөбүздүн чеги дал ушул Баткен жергесинен башталгандыктан» Баткенде белгилөөнү чечкенин айткан. Ага чейин Жапаров «жүрөгүнүн 99% Баткен ээлеп турганын» билдирген эле.

Айгүл жана Садыр Жапаровдор сүмөлөк ооз тийип жатышат. Сүрөт: Президенттин басма сө кызматы.

Президент Баткенде эки күн болду. Нооруз майрамын белгилөөдөн тышкары Жапаров Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышы Раззаков шаары деп өзгөртүлгөнүнө байланыштуу иш-чарага катышты.