Гемодиализ алган бейтаптар резиденциянын алдына митингге чыгып, президент менен жолугушту

23-мартта гемодиализ алып жаткан бейтаптар мамлекеттик резиденциянын алдында митинг өткөрүштү.

Митингге келгендердин бири Камила Жокоева «Клоопко» Жогорку Кеңеште биринчи окууда мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоору каралып, документке гемодиализ киргизилгенин айтып берди.

«Тендерге бардык гемодеализ борборлору катышат. Процедураларды өткөрүү үчүн эң аз сумманы сунуштаган клиника аны утуп чыгат. Демек алар дары-дармек жана керектелүүчү материалдардан акча үнөмдөп башташат, биз болсо сапатсыз тейленип калабыз. Бул биздин ден соолугубузга кедергисин тийгизет», — деп нааразы болду бейтап.

Ал клиникалардын ортосундагы атаандаштык борборлордун өзүнүн да кызыкчылыгында болгондуктан бейтаптарга сапаттуу дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи.

«Бейтаптын клиниканы сапаты жана жайгашкан жери боюнча тандаганга укугу болушу керек. Биздин деле ден соолукка укугубуз бар», — деп белгиледи Жокоева аларга президент Садыр Жапаров чыгып жолугуп, тендер маселесин чечип берүүнү убада кылганын кошумчалап.

Ал арада президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан «Клоопко» өлкө башчы чындап эле нааразычылык акциясынын катышуучуларын угуп, мамлекеттик органдарга бул меселени карап чыгууну тапшырганын билдиришти.

Буга чейин, 17-февралда гемодиализ алган бейтаптар Ак үй менен Өкмөт үйүнүн алдына да митингге чыгышкан. Алар бийликтен гемодиалыз кызматын алуу үчүн жөлөкпулдарын 6,8 миң сомго чейин көбөйтүп берүүнү суранышкан.

Кыргызстанда каттоого туруп гемодиализ алган 1 миң 946 адам бар. Гемодиализ — бөйрөктүн өнөкөт оорусун дарылоонун эң кеңири жайылган ыкмасы.