Адвокат: Сегизбаевден онкологиялык дарт аныкталды, аны изолятордо кармаганга болбойт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевден онкологиялык дарт аныкталды. Бул тууралуу «Клоопко» Сегизбаевдин жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Адвокат Сегизбаевде туруксуз стенокардия жана калкан безинин рагы бар экенин айтты. Абакиров УКМКнын экс-төрагасынын дарты өкмөт тарабынан бекитилген оор илдеттердин катарына кирерин, аны УКМКнын тергөө изоляторунда кармоого болбосун кошумчалады.

«Сегизбаевдин абалы оорлоп баратат. Ага операция жасалганы турат, ал эми ТИЗОдо калуусунун кесепети начар болушу ыктымал. Сот жыйынында баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин биз чогу чечебиз», — деди Абакиров.

Сегизбаев эмне себептен ТИЗОдо?

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 25-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча, Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде кармалган.

Кармоо 2016-жылы чуу жараткан, «Белизгейт» деп аталган ишке байланыштуу болгон. Бирок бул саясатчыга каршы козголгон алты иштин бирөөсү гана.

2016-жылы Сегизбаев УКМКнын башчысы болуп турган кезинде «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов «Мегаком» байланыш операторунун акцияларына ээлик кылышкан деп билдирген.

Сегизбаев далил катары Белиз өлкөсүнөн алынган делген документтерди көрсөткөн. Депутаттар документтерди «өтө орой жасалмалоо» деп аташып, Сегизбаевди сотко да беришкен, бирок утулуп калышкан. Ошол эле убакта үч депутатка карата башка иштер боюнча айыптоо өкүмдөрү чыккан.

Сегизбаевдин ордуна УКМКнын башчысы болуп Идрис Кадыркулов келгенден кийин Белиздеги документтер атайын кызматка келбегени белгилүү болгон.

Сегизбаевге каршы иштердин калгандары УКМКнын кызматкерлерине батир, энчилүү курал, жер участокторун, ал тургай атайын кызматтын айрым өкүлдөрүнө бюджеттин эсебинен командировка берүүгө байланыштуу.

Ал эми Сегизбаев жана анын жакындары бардык айыптарды четке кагып, аны «саясий өч алуу» деп айтышууда. Сегизбаев 10-январда мөөнөтүнөн мурун өткөрүлгөн президенттик шайлоого катышып, 17 талапкердин ичинен бешинчи орунду ээлеген жана шайлоочулардын 1,46% добушуна ээ болгон.

Ал президенттик шайлоо учурунда атаандашы, учурдагы президент Садыр Жапаровду кескин сынга алып, аны бозгун президент Курманбек Бакиев менен «тыгыз байланышта» деп билдирген. Сегизбаев КТРКнын түз эфиринен Максим Бакиев кендерди кантип сатып, акчалардын изин кантип жашырганын айтып берген.

Онкологиялык жактан оорусу бар УКМКнын дагы бир экс-башчысы

2019-жылдын майында Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Мурат Суталиновду бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Суталинов төртүнчү даражадагы өөрчүмө рак илдети менен ооруп жатканы жана паллиативдик жардамга муктаж экени айтылган.

Жактоочулар 2018-жылы дарыгерлер сол бөйрөгүндө рак бар экендиги тууралуу корутунду чыгаргандан кийин Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотууну өтүнүшкөн. Суталиновдун оң бөйрөгүн 2012-жылы алышкан, анда врачтар Суталивго үчүнчү даражадагы рак диагнозун коюшкан.

2019-жылдын февралында Ленин райсоту Суталиновдун диагнозуна карабастан камакта калтырууну чечкен.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары, 7-апрель коогасына чейин УКМКны жетектеген.

7-апрелдеги революцияда, тагыраагы Ала-Тоо аянтында каршылык акциясынын айрым катышуучулары набыт болгондон кийин Суталинов өлкөдөн чыгып кетип, бирок 2011-жылы декабрда күтүүсүз жерден эле кайтып келип, өзүнүн сот процессине катыша баштаган. Ал митингчилердин өлүмү үчүн «Адам өлтүрүү», «Адам өлтүрүүгө кол салуу» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелеринин негизинде мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга соттолгон.